Окумуштуулар идеалдуу төшөк кумарынын сырын ачты

© AFP / Behrouz MEHRI Японииядагы соода борбору. Архив
Японииядагы соода борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сексуалдык жашоону жакшыртууга айрым азык-түлүктөр дагы көмөкчү болот.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Адам йога менен алектене баштагандан 12 жума өткөндөн тарта төшөктөгү жашоосунун сапаты жакшырат. Бул тууралуу АКШлык адистерге шилтеме берип The Stopru басылмасы жазды. 

Сирияда мектепке бараткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар бактысыз балалыктын кесепети кандай болорун аныкташты
Окумуштуулардын айтымында, стресс адамга төшөктө өзүн толук кандуу бош кармап, балкуу сезимине тоскоолдук кылат. Ал эми йога акылды бир жерге топтоп, дене-бойду жибитүүгө шарт түзөт.

АКШлык гинеколог Анита Садаттын пикиринде, йога бул жаатта дары-дармектерге караганда алда канча таасирдүү. Мисалы күн сайын "кобра", "үч бурчтук" сыяктуу көнүгүүлөрдүн ар бирин күнүнө үч мүнөттөн жасап туруу — төшөк кумарынын убактысын узартууга жардам берет.

Маалыматка караганда, сексуалдык жашоону жакшыртууга айрым азык-түлүктөр дагы көмөкчү болот. Мисалы, эркектерге сельдерей, банан, аялдарга шоколад, кызылча сыяктуу азыктар пайдалуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0