Министр боло калам деп чырга кабылып... ЖКнын "атагы чыккан" экс-депутаттары

Жазылуу
Соңку жылдары Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин көбү өкмөткө парламенттен барышат. Бирок ишиндеги ийгиликтер менен эмес, алардын атагы чырдын чордонунда калып чыкчу болду.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 2010-жылдан бери Кыргызстанда парламенттик башкаруу формасы киргизилген, Жогорку Кеңеш өкмөт үчүн кадимки "кадрлар чеберканасындай" болуп калган. Бирок, экс-депутаттардын бардыгы эле ишенимди актап кете албай, айрымдары жаңжалдардын баш каармандарына айланышат.

Офисное здание в районе Шимбаши в Токио - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ири ишканаларын ким тескейт? Таскагы катуу 8 жетекчи
Эки аптадан бери коомчулук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилерин талкуулоодо. ЖК депутаты Аида Касымалиева министрдин орун басары Лунара Мамытованы дипломатиялык паспортту жеке максатта пайдаланган деп айыптап чыкты. Ошондой эле эл өкүлү министр Таалайгүл Исакунованын негизсиз иш сапарлары тууралуу билдирген. Башкы прокуратура министр боюнча маалыматты тастыктады.

Ал эми бүгүн Мамытова кызматынан кетүү боюнча арыз жазганын өкмөт билдирди. Белгилей кетсек, Исакунова да, Мамытова да парламенттин ушул чакырылышынын депутаттары болгон.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы өкмөткө Жогорку Кеңештен барган аткаминерлер аралашкан чоң жаңжалдарды эстөөгө аракет кылды.

Өмүрбек Бабанов

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүЭкс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов
Члены Совета государств — участников СНГ выступили с заявлениями - Sputnik Кыргызстан
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов
2010-жылы Бабанов өзүнүн "Республика" партиясы менен бирге парламентке өтүп келип, дароо эле министрлер кабинетине "которулган": адегенде биринчи вице-премьер, кийинчерээк премьер-министрликти аркалаган (2012-жылдын күзүнө дейре). Бул аралыкта эле Бабанов бир нече чырдын каарманы болууга үлгүргөн.

Флаг Кыргызской Республики на заседании - Sputnik Кыргызстан
Элдин балдары... Жогорку кызматты ээлеген жаштардын тизмеси
"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары биринчи вице-премьерден "Кыргызнефтегазга" байланыштуу коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп шектенген. Россиялык мыйзам чыгаруучулар аны "Альфа Телеком" ЖАКтагы (MegaCom соода маркасы) мыйзамсыз иштерге аралашкан деп айыпташкан. Ошол кездеги башкы прокурор Кубатбек Байболов "Манас" аэропортуна күйүүчү май ташуудагы коррупциялык аракеттерге Бабановдун катыштыгы бар деп жарыялаган. Акыры ал өзүнө тагылган айыптар териштирилгенче ыйгарым укуктарын убактылуу өткөрүп берген. Бирок бул жаңжал кийинкисинен айырмаланып, Бабановдун саясий карьерасына тоскоол эткен эмес. Соңунда ал 2011-жылы министрлер кабинетин жетектеп калган.

2012-жылы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев премьер-министрди түрк ишкеринен таза кандуу аргымак алгандыгы үчүн айыптаган, ал эми Бабанов жылкыны өз каражатына сатып алганын айтып актанган. "Атамекенчилер" англия тукумундагы жылкы 500 миңден 1,5 миллион долларга дейре турарын айтышса, премьердин басма сөз кызматы Islander One үчүн ал 20 миң доллар төлөгөндүгүн билдирген.

Бул жаңжал "Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" фракциялары башкаруучу парламенттик коалициянын курамынан чыгып кетишине жеткирген, натыйжада Бабановдун өкмөтүнүн отставкага кеткен.

Равшан Сабиров

2010-2011-жылдары "Ата Мекен" партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясынын депутаты болгон, кийин аны Социалдык өнүктүрүү министрлигине дайындашкан. 2012-жылдын жайында Сабировду коррупцияга шектүү деп кармашкан. Тергөөнүн версиясы боюнча министрлик он жеке фирмага бала асырап алуу менен алектенүүгө уруксат берген. Аткаминер беш жылга эркинен ажыратылып, 2014-жылы мунапыс боюнча бошотулган.

Камила Талиева

Галстук тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимдин баркы менен? Атасын ээрчип саясатка баш баккан уул-кыздар
"Ар-Намыс" фракциясынан парламентарий 2012-2014-жылдары социалдык маселелер боюнча вице-премьер, андан кийин маданият министри болгон. Ал өз карамагындагы социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов (азыр Түштүк Кореядагы элчи) менен кайым айтышуусу менен эсте калган. Талиева социалдык тармактын ишин сынга ала коюп, Султановдон кескин жооп уккан. Ал кезегинде вице-премьер социалдык тармакты башкара албай турганын айтып чыккан.

Ошондой эле экс-депутат өз жүрүм-туруму менен да "даңаза" болгон, бул үчүн аны башка бийлик өкүлдөрү да сынга алып келишкен. Маселен, анын мурдагы кесиптеши Айнуру Алтыбаева "Талиеванын адепке жатпаган мамилесинен улам анын 12 жардамчысы, 12 катчысы жана бир нече айдоочу алмашканын" жар салган. Ал эми ошол убактагы президент Алмазбек Атамбаев бул айым иштен кеткенден кийин "маданияттан ыраак киши маданият министри болуп жүргөнүн" айткан.

Нурбек Мурашев

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев
Присяга членов правительства КР во главе с Мухаммедкалыем Абылгазиевым - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев
2017-жылга чейин "Бир Бол" фракциясынан депутат болгон, андан соң Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин жетектеген. Президенттик шайлоо күнү, өткөн жылдын 15-октябрында бир жаңжал чыккан: К.М. деген киши Мурашев аны Жалал-Абад облусундагы шайлоо участогунун жанынан сабап салганын кабарлаган. Кийин милиция кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Бул Нурбек Мурашев аралашкан биринчи эле окуя эмес, аны мурда да жоон билектиги үчүн эки ирет айыпташкан.

Аскар Шадиев

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев
Депутат ЖК Аскарбек Шадиев - Sputnik Кыргызстан
Мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев
2017-жылдын соңунда акыркы конституциялык түзөтүүлөр күчүнө кирген. Ага ылайык, премьер-министр же биринчи вице-премьерликке дайындалган ЖК депутаттары мандатын сактап калышат.

"Бирболчу" Аскарбек Шадиев бул жободо алгачкы карлыгачтардан, бирок 6-апрелде ал биринчи вице-премьерликтен өз арызы менен кеткен. Ага Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча ЖК комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закировдун Шадиев кол койгон каттын негизинде эки миллион сомду кымырып алган фактысы боюнча кылмыш иши себеп болгон. Апрелдин аягында ага карата да кылмыш иши козголгон. Шадиевдин үй-бүлөсүнүн мүлкү камакка алынган, ал эми өзүн сырттан камоо чечими чыккан. Атайын кызматтардын маалыматына таянсак, мурдагы депутат, аткаминер кыргыз-тажик чек арасынан дайра аркылуу өтүп, андан ары АКШга качып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0