Чу дарыясы. Архивдик сүрөт

Чүйдүн Казакстан менен чектешкен жери боюнча үч мекеме үч башка жооп берди

156
(жаңыланган 21:03 10.10.2018)
Жогорку Кеңеште мамлекеттик органдар Чүй облусунун канча жери Казакстан менен чектешерин айта албай убара болду.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңешин бүгүнкү жыйынында Мамлекеттик чек ара кызматы, ӨКМ жана өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү Чүй облусунун канча жери Казакстан менен чектешерин так айта алган жок.

Депутат Аалы Карашев Чүй облусундагы чек ара Чу дарыясынын нугу менен кетерин айтып, анын жалпы узундугу канча экенине кызыккан.

Эл өкүлүнүн бул соболуна Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 100 чакырымдай десе, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Элкинбек Ашырбаев 47 чакырым, ал эми ӨКМдин өкүлү 205 чакырым деп жооп кайтарды.

Карашев мамлекеттик органдардын берген жоопторуна канааттанбаганын айтып, чек ара боюнча түрдүү маалымат болуп жатканын түшүнбөй турганын билдирди.

"Үчөөңөр үч башканы айтып жатасыңар, биз кимге ишенебиз? Өкмөттүн өкүлү ушуну карабайсыңар, эң ыйык болгон нерсе тууралуу үч мамлекеттик орган үч башка маалымат берип жатат", — деди депутат.

Эл өкүлү бул маселени тезинен тактап алууга чакырды.

156
Белгилер:
кыргыз-казак чек арасы, Жогорку Кеңеш, Аалы Карашев, Казакстан, Бишкек
Тема боюнча
Барак эксклавы Өзбекстанга өтөбү? Өкмөттүн жообу

Швецияны АКШдагы нааразылыктын толкуну каптады

0
(жаңыланган 20:11 05.06.2020)
Афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийинки жаалданган толкун Швецияга чейин жетти. Жүздөгөн кишилер Мальма шаарында демонстрацияга катышты.

Аларды коронавирустан улам коюлган чектөөлөр, тыюу салуулар токтото алган жок. Көптөрдүн колунда кара түстүүлөргө карата адилетсиз мамилени жана расага бөлүүнү айыптаган плакаттар болду.

Жергиликтүү полиция чогулгандарды кууп таратууга аргасыз болгону айтылат.

Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Улуу Британиядан, Франциядан, Грециядан жана Испаниядан да тилектештик билдирип жатышты.

0
Белгилер:
башаламандык, Жорж Флойд, Швеция, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Нью-Йоркто мародёрчулук күч алды. Жеринде тартылган видео
Автомат Калашникова.

Лейлекте Калашников автоматын талаага жашырып койгон киши кармалды. Сүрөт

22
(жаңыланган 19:55 05.06.2020)
Талаада катылган куралдын ичинде алты ок болгон. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда Калашников үлгүсүндөгү автоматты сактап жүргөн киши кармалганын облустук Ички ичтер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлери иликтөө иштеринин натыйжасында Исфана шаарынын 42 жаштагы тургуну Саркент талаасына сайлуу "АК-74М" Калашников үлгүсүндөгү октолуу куралды жашырып койгонун аныкташкан. Ичинде 5,45мм калибриндеги алты даана ок болгон.

Бул факт Лейлек РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат. Кармалган киши убактылуу кармоо жайына киргизилген.

22
Белгилер:
кармоо, курал, калашников автоматы, милиция, Баткен
Тема боюнча
УКМК: "Хизбут-Тахрир" уюмунун издөөдө жүргөн активдүү мүчөсү кармалды