Депутат: Кыргызстанда эки гана лаборатория стандартка жооп берет

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков ознакомился с состоянием Ошского зонального центра ветеринарной диагностики
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ознакомился с состоянием Ошского зонального центра ветеринарной диагностики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Айнура Осмонова учурда жергиликтүү өндүрүүчүлөр товарларын эл аралык стандартка туура келтирүү үчүн чет элдик лабораторияга жиберип жатканын айтты.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова 2017-жылы 12 ветеринардык лаборатория куруу үчүн 163 миллион сом бөлүнгөнүн айтып, алар ISO эл аралык стандартына туура келеби деп суроо салды.

Парламентте учурда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап жатат. Ал биринчи окууга киргизилет.

Түркиядан Нарын шаарындагы эс алуу жайын реконструкциялоо, облустагы университетинин алдында ветеринардык лаборатория, кыргыз-түрк факультетин курууга даярдык көрүү үчүн атайын делегация келди - Sputnik Кыргызстан
Паркты оңдоп, лаборатория салабыз. Түркиядан келген делегация Нарында жүрөт
Осмонова ошондой эле ISO эл аралык стандартына жооп берүү үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөр товарларын Ташкенттеги, Алматыдагы, Түркиядагы лабораторияларга жиберип жатканын айтты.

Ал эми Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары Мирлан Бакиров бүгүнкү талкууга Ветеринардык кызматтын өкүлү келбегенин айтып, ага берилген маалымат боюнча Кыргызстанда эки гана лаборатория стандартка жооп берерин маалымдады. Калгандары аккредитациядан өтүү аракетин көрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0