Аймакка барган чоңдорду тосуш үчүн унаа жалданабы? Өкүлчүлүктөрдүн жообу

© AFP / ADEK BERRYLexus LX 570 автоунаасы. Архив
Lexus LX 570 автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Тынчтык Шайназаров аймактарга барган чоңдорду облус жетекчилери ижарага алынган жол тандабас менен тосуп алып жатканын айткан. Бул боюнча өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрү эмне дейт?

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров парламенттин 4-октябрдагы жыйынында Ошко барган өкмөттүн өкүлдөрүн жергиликтүү бийлик ижарага автоунаа жалдап тосуп, кымбат кафе-ресторандарга карызга батып коноктой турганын айткан.

Эл өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигине мындайга жол берген аткаминерлердин аттарын атабаганын мындайча түшүндүрдү.

"Айткандарым эскертүү гана болсун дегем. Ошол аймактарга барган чоңдор тартиптүү болуп калабы деген эле ой болгон. Чынын айтканда бардык эле аймактарда ошондой. Эгер кайтадан эле ушундай көрүнүштөр кайталана берсе атын айтканга туура келет", — деди Шайназаров.

Депутат ошондой эле анын билдирүүсүнөн кийин өкмөттө жана министрликтерде катуу талкуу болуп, "жөнөкөй болгула, депутат бул маселени көтөрүп жатат" деген жалпы сөз болгонун кошумчалады.

КР өкмөтүнүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулунун айтымында, өкмөт өкүлдөрү аймактарга өзүлөрүнүн унаасы менен чыгат.

"Өкмөт башчы, вице-премьерлер же министрлер аймактарга чыкканда көпчүлүк учурда өздөрүнүн кызматтык машиналары менен барышат. "Бизди мындай автоунаа менен тосуп аласыңар" деген талаптар коюлбайт", — деди Эсенгул уулу.

Ал эми өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрү Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаровдун буга чейин билдиргендерин четке кагып, чоңдорду тосуп алуу үчүн ижарага автоунаа жалдоо деген түшүнүк жок экенин, алардын бюджетинде машинаны ижарага алуу боюнча акча каралбаганын айтышты.

Аймактарда абал кандай?

Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө чоңдорду тосуп алуу үчүн атайын автоунаа даярдалбайт. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей аппаратта учурда кызматтык беш автоунаа бар.

Автоунаанын алдында турган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевди "сен" деп, менден жинин чыгарчу. Үлкөн аткаминердин шоопурунун маеги
Ал эми Нарын облусундагы өкүлчүлүктө да чоңдор үчүн деп камдалган машиналар жок. Өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызынын айтымында, Бишкектен Нарынга келген аткаминерлер ар дайым эле өзүлөрүнүн автоунаасы менен келет.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө жалпысынан кызматтык беш автоунаа бар. Чоңдорду тосуу үчүн деп атайын машина каралган эмес. Өкүлчүлүктүн маалымат кызматынын билдиришинче, кээде чоңдорду тосуу үчүн өкмөттүн өкүлүнүн же орун басарынын автоунаасы колдонулат.

Таластагы өкүлчүлүктө жалпысынан үч автоунаа бар. Борбордон келген чоңдорду тосуп алуу үчүн атайын машина жок.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүндө Ош менен Жалал-Абаддагыдай кызматтык беш автоунаа бар. Чоңдор үчүн деп атайын автоунаалар беленделген эмес. Эгер борбордон же башка жактан чоңдор келип калса өкмөттүн аймактагы өкүлүнүн, анын орун басарынын же аппарат жетекчинин машиналары колдонулат.

Флаг Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар экс-президенттин кол тийбестигин алмай болушту. Мыйзам долбоору даяр
Ысык-Көл облусунун жетекчилигинде жалпысынан кызматтык төрт автоунаа бар. Борбордон келген бийик даражалуу аткаминерлерди тосуп алуу үчүн автоунаа каралган эмес. Маалымат кызматынын ырасташынча аймакка келген аткаминерлер өзүнүн машинасы менен келет. Ал эми делегация президент менен өкмөттүн иш башкармалыгы берген транспорт менен келерин кошумчалады.

Өкмөттүн Чүйдөгү өкүлчүлүгүндө жалпысынан алты автоунаа бар. Чоңдорду тосуу үчүн автоунаа жалдашпайт. Өкүлчүлүктүн өзүнүн машиналары жетиштүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0