Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш бөлүмүнүн санитардык дарыгери Майрам Иманкулова

Начар жана мыкты делген кафелер боюнча Санэпидемстанция дарыгеринин маеги

918
(жаңыланган 11:05 13.10.2018)
Таалайгүл Усенбаева
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш бөлүмүнүн санитардык дарыгери Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жашыл стикерди эмне себептен Бишкектеги бир эле ресторан алып калганын, эмне үчүн тизмеге бардык тамактануучу жайлар кирбегенин айтып берди.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Экономика министрлиги менен биргелешип баштаган "коомдук тамактануучу жайларда кызмат көрсөтүүнүн коопсуздук деңгээли" долбоорунун негизиндеги текшерүүнүн жыйынтыгында "талаптарга туура келет" деген жашыл стикерди бир эле кафе алса, "бир аз жакшыртуу керек" деген сары стикер 46 тамактануучу жайга, ал эми "кыйла жакшыртуу керек" деген кызыл стикер 277 кафе, ресторан, тез татымдарга берилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы жана тизмеси Sputnik Кыргызстан агенттигине жарыяланаары менен интернет колдонуучулардын айрымдары жашылга бир эле ресторан илингенине таң калса, кээ бири "эми кайдан тамактанабыз" деген да суроолорду берип жатты. Алардын ичинен тизмеде бардык кафе-ресторан көрсөтүлбөптүр деп нааразы болуп чыккандар да болбой койгон жок.

Ушул жана башка коомчулук тарабынан жамгырдай жааган суроолорго жооп алуу иретинде Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш бөлүмүнүн санитардык дарыгери Майрам Иманкулованы маекке чакырды. 

Врач санэпиднадзора КР Майрам Иманкулова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш бөлүмүнүн санитардык дарыгери Майрам Иманкулова

— Буга чейин деле ушундай текшерүүлөр жүрчү беле?

— Ооба, биз мыйзам боюнча жыл сайын бир жолу бардык тамактануучу жайларды текшерчүбүз. Мунун коомчулукка тез тарап кеткендигинин себеби жеке ишкерлер мындай стикерге көнгөн эмес. Анын үстүнө мурда тизме чыкчу эмес да. Азыр стикерлер болгон үчүн тизме чыгып жатпайбы. Буга чейин текшерип кеткенден кийин ар бир тамактануучу жайдын өзүнө санитардык эскертүү катын таштап, алар ошол боюнча калчу. Кайсы кафе кандай экени жалпы элге жарыяланчу эмес. Тамак-ашынын анализдери начар чыгып, аябай эле начар делген жайларды радио, теледен берчүбүз.

— Коомчулукка баарынан да кызыл стикерди кафенин көбү алып, жашыл стикерге бир эле ресторан илинип калганы кызык болуп жатат…

— Жашыл стикер алган ресторан Бишкекте жападан жалгыз ЕАЭБдин талаптарына жооп берген тамактануучу жай экен. Алардын уруксатын алыш үчүн алар том-том болгон кагаздарды даярдап, цехтеринин баарын толуктаган. Жашылга деле алар оңой эле илинип калган жок. Бир ай убакыт берилип, майда-чүйдө нерселерин жасап, кайра барып текшерип, анан бердик.

Бул эле ресторанга эмес, бардык тамактануучу жайды барып текшергенден кийин эле дароо стикерди чаптап салган жокпуз. Эмнесин оңдоп, эмнесин жасаш керектигин түшүндүрүп бир ай убакыт бердик. Андан кийин кайра барып текшерип, ушундан кийин гана стикерлер чапталды.

Кызыл стикер чапталып турган кафени көрүп калсаңар анчалык коркуунун кажети жок. Анткени азыр текшерүү баракчасында талаптар өтө катуу коюлуп, айрымдары бир цехи жок үчүн эле кызыл алып калышты. Негизи бул долбоор элди ал кафеге же ресторанга кирип тамак ичпегиле деп үндөө максатында эмес, мындан да жакшы нерсеге, сандан сапатка умтулсун деген ниетте жасалып жатат. 

Стикеры для оценки качества обслуживания и питания в кафе Бишкека и Иссык-Куля
© Фото / предоставлено Бакытом Давлеталиевым
Тамактануучу жайларга берилчү стикерлердин үлгүсү

— Базардагы ашканалар менен катарлаш мен-мен деген кафе-ресторандар деле кызыл тизмеде экен. Бул ашканасындагы тамак-аш коопсуздугу бирдей дегенди билдиреби?

— Бул маселе менен биз долбоорду иштеп чыккан экономика министрине да кайрылганбыз. Анткени баалоо критерийин ошолор жазган. Негизи ресторандарды өзүнчө, кафелерди өзүнчө, кофейняны өзүнчө кылып текшерели деген сунуш болгон. Ресторан менен базардагы ашкана бир тизмеде болуп калганы жеке ишкерге да жагымсыз болорун түшүнүп жатам. Бирок муну ишкерлер түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм. Анткени бул жаңы пилоттук долбоор. Бишкек менен Ысык-Көл тажрыйба иретинде биринчи жолу аны колдонуп көрдү. Бул калыптанып калган эреже эмес, долбоор ар кандай сунуш, пикирлердин негизинде дагы да иштелет. Жыл соңунда тийиштүү мекеме өкүлдөрү ишкерлер менен биргеликте чогулуп муну дагы да талкуулап, кайсы жерин өзгөртүп, кайсы жерин толукташ керектигин сүйлөшөт.

— Стикерди аныктаган критерийлерди атап берсеңиз?

— Биз баарын текшерүү баракча, техникалык регламент, санитардык эреженин негизинде жүргүзөбүз. Текшерүү баракчада мисалы канча цехи бар, канча кишиге ылайыкташылган деп суроо-жооп иретинде жазылган. Ошонун жыйынтыгында аларды пайыз менен чыгарабыз. Эгер жетишпеген нерселери 10 пайызга чейин болсо, алар жашыл стикер алат, эгер 25 пайызга чейин болсо, анда сары стикерге ээ болот, ал эми жетпеген нерселери 35 пайызга чейин болсо, анда кызыл стикер чапталып калат. Кызылга да жетпеген абалы өтө начар тамактануучу жайлар дагы бар. Мындай учурда биз алар менен тыгыз байланышта иштешебиз.

Жогоруда силер "кызылда эле ресторан, анан ашкана да бар экен" деп айтып калбадыңызбы. Тамак ичүүчү жай 50гө чейин орундугу бар, анан 50дөн ашык орундугу бар деп да бааланат. Мисалы, тамак ичүүчү жайда 50гө чейин отургуч болсо, анда өз-өзүнчө чоң цехтердин кереги жок. Бир эле цехти участокко бөлүп койсо болот. Анан эт менен жер-жемиш жууган цех оозго, сыртка жакын болуш керек. Ошол жактан жууп-тазалап, андан кийин ысык тамак жасаган цехке берилип, ошол жактан туурап кесип, бери жактан салат жасап, анан официанттарга берсе болот.

Ал эми тамак ичүүчү жайда 50дӨн ашуун отургуч болсо, анда эт жууп, аны даярдаган өзүнчө цех, жер-жемишти жууган өзүнчө бөлмө, ысык тамак жасаган жери өзүнчө, лагман, мантынын камырын чойгон өзүнчө цех, торт, пирожное жасаган өзүнчө бөлмө болушу керек. Андан сырткары, тамак-аш бышырган жери, идиш-аяк жууган бөлмөсү да өз-өзүнчө болушу керек. Айтор, ар биринин өзүнчө цехи болушу зарыл. Айрым ресторандар ушундай цехтери өз-өзүнчө болбой калып кызыл стикер алып калышты.

Цехтен сырткары биз бышкан тамак-аштын, агынды суунун анализин алып барып лабораторияга тапшырабыз, ал жерде иштеген кишилердин медициналык көзөмөлдөн өткөн-өтпөгөнүн карайбыз.

Азыр бизди кооптондурган нерсе — официанттардын тез-тез алмашканы. Студенттер бат эле келип кайра бат эле кетип калат. Айрым кафе ээлери алардын медициналык справкасын сурабай эле алып алат. Кардар болсо анын кандай илдет менен ооруганын кайдан билет. Балким ал кургак учук же гепатит менен ооруган адам болсочу? Ошондуктан иштеген кишилеринин да абалы, даярдыгы сөзсүз каралат. 

Врач санэпиднадзора КР Майрам Иманкулова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Майрам Иманкулова: жашыл стикер алган ресторан Бишкекте жападан жалгыз ЕАЭБдин талаптарына жооп берген тамактануучу жай экен

— Кызыл стикердин тизмесинде кофейнялардын да көп экенин байкадык…

— Алардын техникалык абалы жакшы, бирок тамак-ашынын менюсун узун кылып чоюп алышкан. Анан цехтери аз. Кофейнянын өзүнө тиешелүү классификациясы болот, алар айрым гана тамак-аштарды бышыра алышат. Кызылга кирген Тез татымдар көп. Себебин силер деле жакшы билсеңер керек. Көбүндө суу жок, атургай кол жууй турган жери жок. Этти атайын дүкөндөн чаап алып келбей, ошол жерге келип чабышат, жер-жемишти ошол жерден жуушат. Ушунун баарын жетекчилерине түшүндүрүп айтып жатабыз.

— Кызыл стикер алган айрым кафелерге эл тынбай барат, тамактары да абдан даамдуу…

— Биринчиден, биз тамак-аштын көлөмүн, даамын же тейлөө жагын эмес, тамак-аш коопсуздугун текшеребиз. Экинчиден, тизмедеги кафе-ресторандардын баары шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Алар мурунку үй, дүкөндөрдү кафеге айлантып алган. Ашканасынын абалына эмес, залдын жасалгасына көбүрөөк көңүл бурушат. Азыр биз 80-90-жылдардын санитардык нормаларынын талаптары менен иштеп жатабыз. Талап катуу. Ошондуктан көбү кызылга илинип калды.

— Тизмеде Бишкектин бардык кафе-ресторандары кирбептир…

— Бул тизмеге биринчи, анан төртүнчү кварталда текшерилген тамактануучу жайлар кирбептир. Төртүнчү кварталдыкын декабрдын аягына чейин карап, анан тизмеге толуктап кошуп беребиз. Ал эми биринчи кварталда бул долбоор ишке кире элек болчу. Негизи биз тамактануучу жайды жылда бир эле жолу, абалы өтө начар болсо эки жолу текшеребиз. Биринчи кварталдагыларга апрелге чейин барып койгонбуз. Долбоор болсо ушул жылдын 1-апрелинен баштап иштеп баштаган. Эми алар кийинки жылдын тизмесине илинип калат. 

Pokeville cafe в Москве
© Sputnik / Владимир Песня
Иманкулова: биз тамак-аштын көлөмүн, даамын же тейлөө жагын эмес, тамак-аш коопсуздугун текшеребиз.

— Тизмени эмнегедир департаменттин сайтынан көрө алган жокпуз…

— Расмий сайтка жайгаштырылат. Жылдын аягында чыгаралы деп жатканбыз. Биз башында эле бардык кафенин кандай бааланып, кандай стикер алганы сайтка жайгаштырылат деп айтканбыз. Жыл соңунда толуктап туруп беребиз.

— Бул тизме канча убакытта бир жаңыланып турат? Же бир жылга чейин ушул кызыл, сары, жашыл боюнча тура беришеби?

— Кафе ээлери ошол биз жазып кеткен кемчиликтердин баарын, мейли бир ай же алты ай болсо да оңдогондон кийин кайра келип текшерип кеткиле деп кат жазса болот. Комиссия текшерип, андан соң анализдери жакшы чыгып талаптарга жооп берсе сары эмес, жашыл алса болот. Кемчиликтерин оңдоп кат жазса эле, текшеребиз, стикер беребиз.

— Ушул текшерүү учурунда жеке ишкерлер "мага жашыл же сары берип кой" деп пара сунуштаган учур болдубу?

— Пара сунуштаганын билбейм, бирок "биз эмнеге сары же жашыл эмес кызыл алабыз" деп ызалангандар болду. Мындай учурда биз аларга бүт себебин түшүндүрүп бердик. Өтө деле нааразы болгондор жокко эсе. Анткени ар бири кандай кемчилиги бар экенин билди жана билет. Баарын комиссиянын мүчөлөрү чогуу чечкендиктен пара тууралуу сөз кылуу да мүмкүн эмес. Акчасын алып жашыл стикер чаптап коюп, кийин ал жерден туура эмес бир нерсе чыкса жоопкерчилик биздин мойнубузда болот. Анан дагы ар бир кафенин же тез татымдын тамактарынан анализ алынат. Анализдер лабораторияга код менен жазылып кетет. Ал жактагылар жыйынтыкты бурмалап коелу десе да анте албайт, анткени кайсы кафенин анализи кайсы экенин билишпейт. 

Национальные монеты в тарелке и ложка с вилкой. Архивное фото
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Дарыгер: кафе-ресторандар менен ашканалардын ээлери кандай кемчилиги бар экенин жакшы билет

— Стикерлер боюнча материал чыккандан кийин соцтармакта өзүн кафе ээсимин деген киши силер тараптан бирөө "акча берсеңер жашыл берем" деп айткан деп жатпайбы?

— Кайсы кафенин ээси экенин ачык айтса болмок. Азыр коррупцияга каршы катуу күрөш болуп жатат. Андыктан мындай иштерге туш болгон жокпуз.

— Бир эле кафе тизмеде кызылга да, сарыга да кирип калыптыр. Муну кандай түшүнсөк болот?

— Техникалык ката болуп калган көрүнөт. Же кызылга же сарыга эле кириш керек.

— Тамак-аш коопсуздугу боюнча дагы кандай долбоорлор бар?

— Азырынча ушул эле долбоор.

— Жөнөкөй жарандар тамактануучу жайлардан туура эмес нерсени байкап калса силерге кандай кайрылса болот?

— Арыз түрүндө. Ал арыздын негизинде биз Экономика министрлигине кат жөнөтөбүз. Эгер чындап эле ал кафеде коркунучтуу бир нерсе байкалса алар чара көрөт. Айрым учурда Экотехинспекцияга тиешелүү маселе болуп калат. Ошондуктан арыз ээси эмнеси туура эмес болуп жатканын так көрсөтүшү керек. 

Врач санэпиднадзора КР Майрам Иманкулова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Майрам Иманкулова: жыл жыйынтыгы менен тизме толукталып жаңыланат

— Кызыл стикер алгандардын абалы начар болсо эмне себептен жаап салбайсыңар?

— Дароо эле жабыла калбайт. Эгерде анализи туура эмес чыкса, анда убактылуу жаап сала алабыз. Алар санитардык күн деп жарыялап, баарын тазалап бизди чакыртат. Анан кайра текшерип туруп ачабыз.

— Туристтик сезон башталганда да Ысык-Көлдүн кафе-ресторандары текшерилеби?

— Долбоорго Ысык-Көл да кирген, сыягы текшерилип бүтсө керек. Эми алардыкы мезгилге жараша да.

— Соцтармак колдонуучулары "кафенин баарына кызыл стикер чапталып калыптыр, эми кайдан тамактансак болот?" деп сурап жатышат…

— Эми тамакты кайдан ичиш керекти ар бир адам өзү чечет. Кызыл стикер алып калган кафе-ресторандарда тамактануу аябай кооптуу деп айта албайбыз, себеби ресторан деген статусту алуу деле оңой эмес. Базарлардагы эптеген ашканаларга салыштырмалуу түзүк.

Негизи үйдүн тамагына эч нерсе жетпейт. Колдон келсе үйдөн жасап жаныңа салып алган жакшы. 200 кишиге даярдалган тамакка караганда эки кишиге даярдаган тамак даамдуу да, таза да болот.

— Өзүңүз кайдан тамактанасыз?

— Мен дайыма үйдөн даярдап, жаныма сала келем. Колумда ар качан термоско куюлган лимон суусу бар. Балдарыма да колдон келишинче үйдөн тамак жасап, салып бергенге аракет кылам. Ар бир адамдын ден соолугу өзүнө керек. 

Столовая в одном из рынков Бишкека. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Иманкулова: тамактануучу жайларды бир жылда бир жолу текшеребиз, ал эми жашыл стикер алгандарга эки жылда бир барабыз.

— Чаптап кеткен стикерди сиздер көзөмөлдөп турасыздарбы?

— Атайын эл көргөн жерге чаптатабыз. Бирок күн сайын барып текшербейбиз.

— Кокус алып салса, айып пул төлөшөбү?

— Жок, айып пул төлөбөйт. Ошондуктан биз бул тизмени эл билсин деп сайтка жайгаштырууну туура көргөнбүз.

— Жашыл стикер алгандар дагы текшерилеби же ошол бойдон аларга кайра барбайсыңарбы?

— Мен жогоруда айтып кеткендей мыйзам боюнча бир жылда бир жолу текшеребиз. Жашыл стикер берилгендерге эки жылда бир барабыз. Бирок кайра барып текшерген кезде анализи же дагы бир нерсеси туура эмес чыгып калса, анда ал сарыга, ал тургай кызылга да түшүп калышы толук ыктымал.

— Сиз дарыгер катары тамактануучу жайлар кызылга илинип калбашы үчүн кандай кеңештерди берет элеңиз?

— Ар бир ишкер тамактануучу жайды ачаардан мурда биздин борбордогу бөлүмгө келип бир сыйра консультация алып алса. Айрымдары өз билгендей ачып алат да кийин кайра азабын тартат. Тамактануучу жайлардын кызматкерлерине тамак-аш коопсуздугу боюнча айына бекер сабактар өткөрүлүп турат, келип катышсын.

918
Белгилер:
стикер, маек, дарыгер, текшерүү
Тема боюнча
Малыңды союп, боорсогуңду жасап берем! Той-ашта керек болчу 7 кызматтын акысы
Дүйнөдөгү эң кымбат, алтынды да басып өткөн азыктар. Тизме
Шишкебектин зыянын окумуштуулар изилдеп чыгышты
Канткенде тамакка ууланбайбыз? Министрликтен 11 кеңеш
Пикирлер