Мэрия мыйзамсыз салынган унаа токтотуучу жайды түрттүрдү

Жазылуу
Жашоочулардын бири уруксатсыз түрдө сере менен тосмону орнотуп алган.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Муниципалитетке мыйзамсыз түрдө колдонулган 10 сотых жердеги унаа токтотуучу жай өткөрүлүп берилгенин Бишкек мэриясынан кабарлашты.

© пресс-служба мэрии города БишкекМуниципалитетке мыйзамсыз түрдө колдонулган 10 сотых жердеги унаа токтотуучу жай өткөрүлүп берилди
Снос незаконной парковки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Муниципалитетке мыйзамсыз түрдө колдонулган 10 сотых жердеги унаа токтотуучу жай өткөрүлүп берилди

Чыңгыз Айматов проспектиси менен Түштүк магистралда №97/4 үйдүн жанындагы сере менен тосмо түртүлгөн. Ал жер унаа токтотуучу жай катары пайдаланылып жүргөн.

Иш Түштүк магистралдагы өтмөк жана велосипед жолдорун куруунун алкагында жүргүзүлдү. Унаа токтотуучу жай жол салына турчу жерде жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0