Жээнбеков элге эмнеси менен жакындай алды? Президенттин алгачкы жылы

© Sputnik / Табылды КадырбековМарш "Бессмертный полк" в Бишкеке
Марш Бессмертный полк в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков президенттик тактыга келген бир жыл ичинде эл арасында өзү жөнүндө кандай пикир жарата алды?

Элдин маанайына баам салалы деп социалдык тармактарды аңтарып-теңтерип көрдүк. Негизинен алганда калк өлкө башчынын жөнөкөйлүгүнө, элге жакындыгына баа берет экен.

Сөзүбүз куру болбош үчүн бир нече мисал келтире кетели.

Эске салсак, 2017-жылдын 15-октябрда болгон президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык шайлоочулар добушунун 54,22 пайызын алып, жеңишке жеткен

Кол чатырды өзү көтөргөн президент

Өзүнүн колу бопбош туруп, жан-жөкөрлөргө кол чатыр карматкан жетекчилерге кыргызстандыктар таң калбай деле калган. Бирок…

"Өлбөс полкко" чыккан президент

Быйылкы жеңиш майрамындагы "Өлбөс полк" жүрүшүнө карапайым элдин катарына Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп президент дагы кошулду.

Активисттердин үнүн уккан президент

Кайсы бийлик учуру болбосун, коомдун орчундуу көйгөйлөрүн айтып, күйүп-бышып жүргөн жарандык активисттер бар. Алардын ар бири адам укугу, саламаттык сактоо, сөз эркиндиги тармактарында эмгектенип, маселени ичинен билишет. Быйыл президент алардын башын бириктирип, оюн укканы өсүүгө болгон кадам катары бааланды. 

Жоокерге тамак сунган президент

Август айында Жалал-Абад облусунун "Шамалды-Сай" чек ара заставасына барган Жээнбеков жоокерлер менен бир дасторкондо отуруп тамак ичкен. Ошол маалда анын жоокерге тамак сунуп жаткан сүрөтү интернетке тарап, колдонуучулар жылуу кабыл алышкан. 

Эл менен катар учкан президент

Президент болгондон кийин алгачкы жолу жөнөкөй эле учак менен Ошко агасынын жылдыгына барып келген. Бирок бул президенттин карапайым эл менен учкан акыркы мисалы болгон жок. Андан кийин жеке иштери гана эмес, мамлекеттик сапар менен Москва жана Вашинтон шаарларына №1 бортсуз эле барып келди.

Ишембиликте элди тегеректетпеген президент

Бир жылдын ичинде Жээнбеков борбор калаада болгон бир нече ишембиликке катышты. Элдин көңүлүн анын башка аткаминерлердей болуп, жан-жөкөрлөрүн тегеректетип алып, бир көчөттү баарылап отургузбай, жалгыз эле иштегени бура алды. Ушул учурда президент менен селфи кылып, видеого тартылган жаштар арбын болду.

Уулунан ажыраган ата-энени жөлөгөн президент

Ата-эне үчүн баланы жоготуудан ашкан азап болбосо керек… Мындай учурда кимге болбосун жылуу сөз, аяр мамиле абадай керек эмеспи. Өткөн аптада көз жулган өкмөт мүчөчү жана чыгаан журналист Султан Жумагуловдун атасынын колун кармап, кайрат айтып отурган Жээнбековдун сүрөтү социалдык тармактарда тарап, колдонуучулар өлкө башчыга ыраазы болушты. Мындан тышкары президент, вице-премьерликти аркалаган Темир Жумакадыровдун, журналист Улан Эгизбаевдин ата-энесин кабыл алган.

Аймактарды өнүктүргүсү келген президент

Алгачкы эле жылды ай-ааламдан баштабай, аймактарды өнүктүрүүдөн, карапайым калктын жашоо-турмушун оңдоодон баштаганы элге жакпай койгон жок.

Жубайы менен конок күткөн президент

"Аял жакшы — эр жакшы" демекчи, эл башында турган эркектин артындагы тылы чоң роль ойной турганы талашсыз. Канайымдын өзүн алып жүрүшү жолдошун же көкөлөтөт, же көлөкө түшүрөт эмеспи. Азырынча Кыргызстандын биринчи айымына коомдун пикири позитивдүү. Көбүнесе башынан жоолук түшпөгөнү бааланып келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0