Сокулукта автоинспектор 200 сом үчүн иштен айдалды. Пара алып жаткан видеосу

Жазылуу
Автоинспектордун акча алып жаткан видеосу Youtube каналына тарап кеткен.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. 200 сом пара алган автоинспектор ички иштер органдарынан айдалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Буга чейин активисттер Youtube каналына видео жүктөшкөн. Тасмадан айдоочу 200 сом көтөрүп келип өзүнүн унаасында отурган автоинспекторго бергенин көрүүгө болот.

ЖКККББдан маалымдашкандай, видеодогу киши Чүй облусуна караштуу Сокулук РИИБинин ЖКККБсынын Б.К. аттуу ага инспектору болуп эсептелет. Ал "милиция кызматкеринин адебине туура келбеген" ишти жасады деп ички иштер органдарынан айдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0