Мэрия жылуулукту качан берерин эки күндөн кийин так айтат

Жазылуу
Бүгүнкү күнү "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын 65 казан меши жылуулук берүүгө даяр.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Эгер Бишкек шаарында эки күн катары менен күн суук болсо, анда 17-октябрда калаа бийлигинин ыкчам жыйынында жылуулукту качан берүү керектигин чечет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Токио шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйылкы кыш кандай болот? Окумуштуулардын божомолу
Бүгүнкү күнү "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын 65 казан меши жылуулук берүүгө даяр.

Белгилей кетсек, Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, күн 18-октябрга чейин суук болот.

Буга чейин маалымдалгандай эгер беш күн катары менен сырттагы абанын температурасы +8 градустан жогорулабай койсо, шаардыктардын үйлөрүнө жылуулук берилет.

Былтыр шаардыктарга жылуулук 17-октябрда берилген болчу

Жаңылыктар түрмөгү
0