Бишкекте фонтандардын маалы бүттү

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтанный комплекс "Сказка" в Бишкеке
Фонтанный комплекс Сказка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкекте фонтандардын иши токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасы бассейн менен фонтандарды тазалоого киришти. Аталган ишкананын карамагында 16 фонтан комплекси бар.

"Учурда "Солнечные рыбки", "Аска-Таш" жана Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандардын электронасостору жыйналып, куурлар тазаланууда", — деп айтылат маалыматта.

Ноябрь айынан тарта жана кышында насостор оңдолуп, электркыймылдаткычтар текшерилип, жарабай калгандары алмаштырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0