Күн катуу сууктаса Бишкек ТЭЦи 3 күн ичинде жылуулук бере алат

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек ТЭЦи. Архив
Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, күн 18-октябрга чейин суук болот.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкек ТЭЦи менен "Бишкекжылуулуктармагы" ААКы жылытуу сезонуна техникалык жактан даяр экенин Улуттук энергохолдинг компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, эгер күн катуу суук болуп кетсе, энергосистеманын үч күн ичинде жылуулук бере баштоого кудурети жетет.

Токио шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйылкы кыш кандай болот? Окумуштуулардын божомолу
Мэриянын "Бишкекте жылуулук сезонун баштоо жана аяктоо критерийлери жөнүндөгү" буйругуна ылайык эгер беш күн катары менен сырттагы абанын температурасы +8 градустан жогорулабай койсо, шаардыктардын үйлөрүнө жылуулук берилет.

Мекеме 17-октябрдагы жыйынында жылуулук бериле турчу күн так айтыларын маалымдаган эле.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет күн 18-октябрга чейин суук болорун айтты.

Баса, былтыр шаардыктарга жылуулук 17-октябрда берилген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0