Чүй милициясы Төө-Ашуу менен Боомдогу жолду күнү-түнү көзөмөлдөп жатат

Жазылуу
Кыргызгидромет күн 18-октябрга чейин суук болорун айтты.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Чүй облусунун ИИББи менен ЖКККБдин кызматкерлери аба ырайынан кескин өзгөрүшүнөн улам Төө-Ашуу менен Боом капчыгайында жол кыймылын күнү-түнү көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Инспекторлор айдоочуларды аралыкты жана ылдамдыкты сактап, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, жанына чынжыр алып жүрүүнү сунуштайт.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет күн 18-октябрга чейин суук болорун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0