Кыргызстандын 20 тыйыны аукциондо 300 долларга сатылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековОфициальной графический символ денежной единицы сома
Официальной графический символ денежной единицы сома - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул тыйын 1994-жылы аллюминийден жасалып чыгарылган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. eBay интернет-аукционунда 20 тыйындык монета сатыкка коюлду.

Эки жүз сом. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миңдеген рубль турат. Чет элдик аукциондо сатылган кыргыз сомдору
Бул тыйын 1994-жылы аллюминийден жасалган. Ал сыноо иретинде гана чыгарылып, расмий төлөм каражаты катары эсептелбейт. Мындай тыйындар өтө аз, ошондуктан жогору бааланууда.

Лотко баштапкы баасы 299 доллар деп коюлган. Бул Улуттук банктын азыркы курсу боюнча санаганда 20,7 миң сомду түзөт.

Буга чейин 1 тыйын интернет аукциондо 21 миң эсе кымбат сатыкка коюлган. Ал эми 1 сом номиналындагы купюра 2750 рублдан (2,9 миң сом) сатылып жатканы маалым болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0