Тергөө сотторунун айлыгы канча экени айтылды

© AP Photo / Mark J. TerrillРеспубликанское национальное собрание в Кливленде
Республиканское национальное собрание в Кливленде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөө сотторунун айлыгы үчүн 30 миллион 246 миң сом каралган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жаңы түзүлүп жаткан тергөө сотторунун айлыгы канча болору Жогорку Кеңеште айтылды. Жогорку соттун сот департаментинин директору Рустам Ибраимов депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, 56 тергөө сотунун айлык акысы үчүн 2019-жылдын бюджетине 38 миллион 246 миң сом киргизилгенин маалымдады.

Ибраимовдун айтымында, тергөө соту болгон кишинин айлыгы 23 миң сомду түзөт. Жардамчылары 10 миң 340 сом алса, консультанттардыкы да 10 миң сом, ал эми катчылардыкы 8 525 сом деп белгиленген.

Эл өкүлү Бекешев мындай айлыкка кимдер келип иштейт деп суроо салды.

"Мага чынын айткылачы, мындай айлыкка ким келип иштейт? Бул айлыкка кантип жашаса болот, кыйын го?" — деди депутат.

Дело депутатов Эльмиры Джумалиевой и Чолпон Эсенамановой - Sputnik Кыргызстан
Учурда Кыргызстанда 61 соттун орду бош турат
Өз кезегинде Ибраимов учурда иштейм деп келген кадрлар көп экенин кошумчалады.

Бекешев өз сөзүндө соттордун айлыгынын аз болушу өкүм чыгарууда таасирин тийгизип жатканын айтып, соттордун материалдык базасын чыңдабай туруп, сот реформасын аткаруу кыйын экенин баса белгилеп, азырынча эч кандай реформа жок экенин айтты.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева да депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, учурда Жогорку соттун судьялары 40 миң сом, райондук соттор 20 миң сомдон айлык аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0