Депутат: эл картошкасын сата албай кыйналып жатат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүКампатады картошка түшүмү. Архив
Кампатады картошка түшүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү айыл чарба министрлиги жетиштүү аракеттерди көрбөй жатканына токтолду.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина шаардын базарларында, супермаркеттеринде импорттолгон жашылча-жемиштер басымдуу экенин айтып, жергиликтүү азыктар рыноктон сүрүлүп чыгып жатканын айтты.

Учурда депутаттар Жоргорку Кеңештин жалпы жыйынында түрдүү маселелерди карап жатат.

Эл өкүлү өлкөнүн түштүк аймагында бир тоннадан ашык алма жыйналганына карабай ал базарларда, супермаркеттерде жок экенин белгиледи.

"Атамекендик товарлар рыноктон күч менен эле чыгарылып жатат. Мисалы түштүк аймакта миң тоннадан ашык алма жыйналыптыр, былтыр 50 сомдон сатышса, быйыл 25 сомдон дагы сата албай жатат. Бирок Кытайдан, Польшадан келген алмалар 60 сом, жүзүм 90 сомдон сатылууда", — деди ал.

Карамушкина ошондой эле Айыл чарба министрлиги аймактардагы фермелердин көйгөйүн чечүүдө чабал болуп, айрым учурда эч нерсе кылбай жатканына токтолду. Ал өз сөзүндө Өзбекстан Кыргызстандан 500 тонна картошка алуудан баш тарткандан кийин тийиштүү министрлик ыкчам аракеттерди көргөн эмес.

Бүгүн, 15-октябрда, Дордой-Дыйкан базарынын базасында түзүлгөн фитосанитардык логистикалык борбордун ачылыш аземи өттү - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте фитосанитардык логистикалык борбор ачылды. Сүрөт
"Өкмөт быйыл февралда Жогорку Кеңешке келип Өзбекстан 500 тонна картошка сатып алууга даяр экенин айткан. Жайында өзбек тарап картошка алуудан баш тартканы белгилүү болду. Эмне үчүн? Биздин фермерлерге жардам берүү үйүн Айыл чарба министрлиги кандай ыкчам чараларды кабыл алды? Кочкор, Ак-Суу, Тогуз-Торо райондорунун дыйкандары картошкаларын сата албай отурушат. Керек болсо 5 сомго сата албай убара. Ошондой эле сабиз, сарымсак, пияздарды сата албай жатышат. Сактаганга жай жок, аймактагы бийликтердин акчасы жок", — деди ал.

Депутат фермерлердин сата албай жаткан түшүмүн Россиянын түндүк аймактарына алып барып сатып, дыйкандарга жардам берүү жолдорун караштыруу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0