Мектепке барып окуй албаган балдар эми үйдөн билим алат

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүПодготовка первоклассника к школе
Подготовка первоклассника к школе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү чечимге өкмөт башчы кол койду.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Мектепке барып билим алууга мүмкүнчүлүгү жок балдарды үйүндө окута турган жобо бекип, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган документ ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген же катуу ооруга кабылган мектеп жашындагы балдардын билим алуусун камсыздоо максатында кабыл алынган.

Анда мектепке бара албаган балдар үчүн билим берүү процессин үйдө уюштуруу тартиби каралып, баланын билим алуу укугун коргоо каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0