Депутат президент үчүн учакты Кытайдан, Араб өлкөлөрүнөн суроону сунуштады

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Таабалды Тиллаев
Депутат ЖК Таабалды Тиллаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министринин айтымында, президентти ташыган Ту-154 учагы 1990-жылы өндүрүштөн чыккан.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев өлкө башчысы үчүн учакты Кытай менен Араб өлкөлөрүнөн достук мамиленин негизинде сурап көрүүнү сунуштады.

Эл өкүлү №1 бортту сатып алууга Кыргызстанда акча жок экенин, учурда президент учуп жүргөн Ту-154 учагын Россия Кыргызстанга белек катары бергенин айтты.

"Мамлекет башчысы, албетте, жөнөкөйлүгүн көрсөтөт, бирок мыйзамда ал кишинин коопсуздугу так каралган. Кудай сактасын, бирок жаман иштер болуп кетсе эртең мамлекеттин тагдыры кандай болот, бул жагын дагы караш керек, коопсуздук жагы маанилүү", — деди депутат.

Тарнспорт жана жолдор министри Калиловдун айтымында, өлкө жетекчилерин ташыган Ту-154 учагы 1990-жылы 2-январда өндүрүштөн чыккан, анын учууга ресурсу бар. Аткаминер учурда КМШ мамлекеттеринин ичинде Ту-154 учагы менен Кыргызстандын гана жогорку кызматта иштеген адамдары учарын айтты.

Эл өкүлү Тиллаев Транспорт жана жолдор министрлигине №1 бортту алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жолдорун караштырууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0