На скамье подсудимых — обвиняемый в убийстве девушки Марс Бодошев и Ахмат Сейитов, проходящий по уголовному делу как соучастник похищения.

Соттолуучунун агасы: Бурулай биринчи жолкусунда баш кошууга каршы болгон эмес

690
(жаңыланган 15:09 19.10.2018)
Бурулайды өлтүрүүгө шектелген Марс Бөдөшевдин агасы анын иниси Бурулай менен үч жыл сүйлөшүп жүргөнүн айтты.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бурулайды биринчи жолу ала качканда ал каршы болгон эмес. Мындай пикирин кызды өлтүрүүгө шектелип жаткан Марс Бөдөшевдин агасы Жолдошбек Бөдөшев сот отурумунда билдирди.

Анын айтымында, Марс Бурулай менен баш кошууга биринчи жолу 2018-жылдын 4-майында аракет кылган.

"Ал учурда мен отпускада болчумун. Марс мага чалып, Бурулай менен чогуу үйгө баратканын айтты. Мен аны ала качтыңбы деп сураганда, ала качпаганын, кыз өзү да макул болгонун билдирди. Кийин апам сүйлөшөм деп Марска чалды", — деди Жолдошбек Бөдөшев.

Анын айтымында, Бурулай менен телефондон сүйлөшкөн жигиттин апасы кызды Марс менен кетүүгө эч ким зордобогонун билдирген.

Жолдошбек Бөдөшев, андан сырткары, Марс менен Бурулай үч жыл сүйлөшүп жүргөнүн билдирди.

Эске салсак, 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Окуядан кийин Чүй милициясынын жетекчиси жумуштан айдалып, укук коргоо органдарынын башка кызматкерлерине дисциплинардык чара көрүлгөн.

690
Белгилер:
кыз ала качуу, сот, Бурулай Турдали кызы
Тема:
Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай (37)
Тема боюнча
Бурулайдын туугандары айыпкерден 2 млн. сом талап кылууда
Бурулайдын өлүмү. Шалаакылык беренеси боюнча айыпталгандардын аты аталды
Талкаланган кароолкана. Архивдик сүрөт

Жолтандабас айдоочусунун жоругу. Toyota талкалай сүзгөн кароолканадагы окуя

214
(жаңыланган 01:06 07.06.2020)
Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине мас айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Toyota айдоочусунан жабыркаган Темир Мырзабек, Бишкектин борборундагы окуя болгон жердин күзөт кызматкери Sputnik Кыргызстанга чатак боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.

Милициянын маалыматына караганда, ал будканы 17:20 чамасында талкалай сүзгөн. Окуя Тоголок Молдо көчөсүнүн түндүктү көздөй кеткен бөлүгүндө, тагыраагы, Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда болгон. Видеону Алимджан Валиев Facebook баракчасына жарыялады. Мырзабектин айтымына караганда, Toyota Land Cruiser жол тандабасынын айдоочусу болжол менен 17:20 чамасында бир топ эле катуу келип кирген.

"Мен жакындап барсам, мас экен. Айтыша кеттим. Урушкум келген жок. Кайра будкага келип отурдум. Ал короодон кайра айдап чыгып келе жатып, мен отурган кароолкананы үч ирет сүздү. Анын алдында чыга качканга үлгүрдүм. Баарын сөктү, кофейнянын дагы бир күзөт кызматкери менен урушту да машинасына отуруп кетип калды", — деди ал.

Айдоочу кирип келе жатып темир тосмону сүрүп кеткен.

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери Sputnik агенттигине ал аталган жерге келгенге чейин Ахунбаев көчөсүндө да жол кырсыкка кабылганын айтып беришти. Автокырсыктын кандай болгону аларга так маалым боло электигин айтышты. "Перехват" планы жарыяланып, издөө башталган.

30 жаштагы айдоочуну Кемин районунан кармашкан. Автоинспекторлордун бир нече ирет токто дегенине көнбөй, жолун улаган. Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

214
Белгилер:
куугун, блокпост, айдоочу, мас, Токмок, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Тоодогу жамгыр. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

43
Синоптиктер жекшемби күнү Кыргызстанда күн 33 градуска чейин ысый турганын маалымдашты.  Ал эми Чүйдө абанын өзгөрүп турары айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү, 7-июнда, күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын жергесинде +18...+23 градус болот. 

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +26...+28, Ошто +30...+32 градус болору айтылды. 

43
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Беш күн катары менен жамгыр жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты