Эрежени бузбаңыз! Балыкчы шаарынын жолдоруна видео камералар орнотулду

© © SputnikУстановка камер фиксации на дорогах Балыкчи
Установка камер фиксации на дорогах Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабдуу орнотуу иштери Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун башкаруу дирекциясы тарабынан каржыланган.

БАЛЫКЧЫ, 18-окт. — Sputnik. Балыкчы шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата "Коопсуз шаар" долбоорунун негизинде 84 даана видео камера жана 2 даана жол эрежесин бузууну каттоочу видео көзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын вице-мэри Алишер Табалдиев билдирди.

Анын айтымында, жабдуулар Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун башкаруу дирекциясы тарабынан каржыланган.

© © SputnikБалыкчы шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата "Коопсуз шаар" долбоорунун негизинде 84 даана видео камера жана 2 даана жол эрежесин бузууну каттоочу видео көзөмөл камералары орнотулду.
Балыкчы шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Коопсуз шаар долбоорунун негизинде 84 даана видео камера жана 2 даана жол эрежесин бузууну каттоочу видео көзөмөл камералары орнотулду. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Балыкчы шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата "Коопсуз шаар" долбоорунун негизинде 84 даана видео камера жана 2 даана жол эрежесин бузууну каттоочу видео көзөмөл камералары орнотулду.
© © SputnikЖабдуулар Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун башкаруу дирекциясы тарабынан каржыланган.
Жабдуулар Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун башкаруу дирекциясы тарабынан каржыланган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жабдуулар Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун башкаруу дирекциясы тарабынан каржыланган.
1/2
Балыкчы шаарында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата "Коопсуз шаар" долбоорунун негизинде 84 даана видео камера жана 2 даана жол эрежесин бузууну каттоочу видео көзөмөл камералары орнотулду.
2/2
Жабдуулар Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун башкаруу дирекциясы тарабынан каржыланган.

"Тендерди "Гранд ПРО" ЖЧКсы жеңип, шаар ичине 84 видео көзөмөл камерасы 8 миллион 979 миң 577 сомго орнотулду", — деди Табалдиев.

Камера орнотулган көчөлөр:

— Шаардын батыш тарабындагы айлампага — 5 камера;

— Автобекетке — 2;

— Абдрахманов/Тоголок Молдо көчөлөрүнө — 2;

— Абдрахманов/Калдыбаев көчөлөрүнө — 2;

— Абдрахманов/Токтосунов көчөлөрүнө — 2;

— Абдрахманов/Каралаев көчөлөрүнө — 2,

— Мэрияда — 1;

— Тоголок Молдо/Тыныстанов, Калдыбаев/Тыныстанов, Аманбаев/Сары-Булак, Аманбаев/Тоголок Молдо, Аманбаев/Ананьево көчөлөрүнө, №4 мектептин алдында, Ала-Тоо базарында, буга кошумча стратегиялык объект болгон "Суу түтүкчөлөр" ишканасынын суу чордондоруна 20 видео көзөмөл камерасы коюлду.

— "Толкун" эс алуу пляжына — 3;

— "Сейил" пляжына — 3 видео жабдуу орнотулду.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Момбеков "Коопсуз шаар" боюнча: тендер деген "теңин бер" деген эле сөз
Ал эми жол эрежеси бузулганын каттай турган камера Net System ЖЧКсы тарабынан 9 миллион 439 миң 233 сомго орнотулганын, бардыгы болуп 18 миллион 418 миң 810 сом сарпталганын Балыкчы шаардык муниципалдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Азиз Асанкадыров билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта жол эрежеси бузулганын каттоочу видео камералар Бишкектеги борбордук базага кошула элек. Мындан тышкары, бир унаа жол эрежесин бузгандарды каттоочу камерасы менен шаар ичин кыдырып турат. Патрулдук унааны Ички иштер министрлиги бермей болду.

"Азыркы күндө тесттик режимде бардык видео камералар иштеп жатат. Камералардын борбордук башкаруусу Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө коюлуп, 1 офицер, 6 кызматкер иштегени жатат. Көзөмөл камераларына бир күндүк мониторинг жүргүзүлүп, унаалардын 26 пайызы жол эрежесин бузгандыгы аныкталды", — деди Асанкадыров.

Ал ошондой эле айып пулдун 50 пайызы шаардык бюджетке, 40 пайызы республикалык бюджетке, калган 10 пайызы Ички иштер министрлигине бөлүнөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0