Аэропорттогу учак. Архивдик сүрөт

Бишкек Ош каттамына билеттер 4000 сомдон жогору болбойт

190
(жаңыланган 12:05 20.10.2018)
Билеттерди 1700-1800 сомго дагы сатып алса болот.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош каттамына билеттердин баасы 4000 сомдон ашпашы керек. Бул туурасында Air Manas авиа компаниясынын башкы директорунун орун басары Данияр Арынов Sputnik Кыргызстан агенттигинде өтүп жаткан тегерек столдо сүйлөп жатып билдирди.

Ал белгилегендей, мындай наркты Монополияга каршы күрөшү мамлекеттик агенттиги коюп берген.

Ушундай эле пикирин TezJet компаниясынын аткаруучу директору Ян Екимовский да билдирди.

Ал эми Жарандык авиация агенттигинин укуктук колдоо жана жарандык авиация ишмердүүлүгүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Алымбай Абакиров минималдуу баалар 1700-1800 сом болуп жатканын белгиледи. Бирок билеттерди мындай баага бери дегенде бир ай мурун сатып алуу керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ички каттамдарды Air Manas, TezJet жана AviaTraffic авиакомпаниялары тейлейт.

190
Белгилер:
билет, баа, учак, Бишкек – Ош жолу, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр Бишкекте учак билеттери Алматыдан кымбат сатылышына түшүндүрмө берди
Кыргызстан аба каттамы боюнча тогуз мамлекет менен гана иштешет