Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Пирматов: Бишкек — Ош каттамына билетти арзандатуунун бир эле жолу бар

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын ичке каттамдарын ата мекендик Air Manas, TezJet жана AviaTraffic авиакомпанияларынын учактары тейлейт.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош каттамына авиабилеттерди арзандатуунун бир эле жолу бар. Өкмөт ата мекендик компаниялардын салыгын азайытышы керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов "КР учактары менен учуу кооптуубу? Коопсуздук жана авиабилеттердин баалары" аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, учурда өкмөт жеке менчик компанияларды мажбурлап билеттин наркын арзандаттыра албайт.

"Өкмөт кээ бир кыйыр салыктардан жеңилдик берип, ордуна бир келишим түзүшү керек. Билеттерди аздандатуунун башка жолу жок. Биз "инвестор, инвестор" деп көп эле айтбыз. Бирок эмнегедир инвесторду бир кап акча көтөрүп келген адам катары элестетебиз. Бизде ички инвесторлорго көңүл бурулбай жатат. Эмне үчүн алар капиталын чет жакка алып кетип объектилерди курушу керек. Ошолор деле өзүбүзгө жаңы самолетторду алып келип иштей алышат", — деди депутат.

Открытие международного аэропорта в селе Тамчи, Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Экотехинспекция: Кыргызстандагы 11 аэропорттун баары талапка жооп бербейт
Ошондой эле Пирматов бүгүнкү күндө коңшу Өзбекстан учактарынын орточо пайдалануудагы мөөнөтү 4-5 жылды түзүп, баары жапжаңы экенине токтолду. Буга мамлекет авиакомпанияларын салыктардан бошоткону себеп экенин айткан эл өкүлү аларды бийлик ар тараптан колдоп жатканын, Кыргызстан да ушундай ыкманы колдонсо болорун айтып өттү.

Белгилей кетсек, тегерек стол Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0