Москвадагы эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан бир киши катышууда

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүКуран китептери. Архив
Куран китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта 30дан ашуун мамлекеттен келген каарылар ат салышып жатат.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Москва шаарында өтүп жаткан XIX Эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан Шергазы Жалил уулу катышууда. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Паломники в городе Медина - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык каары Асылбек Таштемиров Мединада куран жарышка калыстык кылууда
Азыркы тапта 30дан ашуун мамлекеттен келген каарылар Куранды жатка билүү боюнча ат салышып жатканы айтылат. Жеңүүчүлөр "Хафиз" наамына ээ болушмакчы.

Жарыштын финалы 21-октябрда Москва шаарындагы концерттик залдардын биринде өтөт. Анда көрүүчүлөр Россия муфтийлер кеңеши тарабынан чакырылган "Афганистандын алтын үнү" Абдуль-Кабир Хайдари, ыйык Харам мечитинин имамы Шейх Хасан Бухари жана белгилүү каары шейх Амир аль-Мухальхаль сыяктуу дүйнөгө белгилүү хафиздердин Куран окууларына күбө болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0