Ош шаарынын айрым аймактарында эки күнгө жарык өчүрүлөт

© Фото / Кубаныч МолдокуловОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өчүрүүлөр кышка карата оңдоп-түзөө иштери менен байланыштуу.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ош шаарынын айрым аймактарында 22-23-октябрь күндөрү электр энергиясын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Повышение цен на бензин - Sputnik Кыргызстан
Бензини арзан өлкөлөр аталды. Кыргызстан кайсы орунда?
Билдирүүгө ылайык, калаадагы Ак-Буура аймактык кеңешиндеги Абсамат Масалиев, Өзгөн, Тилеке Баатыр, Лумумба, Мажүрүм-Тал көчөлөрүндө, Достук жана Курманжан Датка аймактык кеңешиндеги Ленин, Грибоедов, Мичурин, Ташкент жана Лесхоз көчөлөрүндө электр энергиясы убактылуу болбойт.

Мындан сырткары, "Навои" эс алуу багында, "Бабур"атындагы өзбек драма театрында да өчүрүлөт.

Электр жарыгы аталган көчөлөрдө 9.00дөн 17.00гө чейин болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0