Жума намаз учурунда чаржайыт токтотулган унаа көйгөйү чечилмей болду

© Sputnik / Эмиль СадыровБорбордук мечит. Архив
Борбордук мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйынга аким, муфтияттын өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышкан.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков райондун аймагындагы мечиттердин, РИИБдин 10-бөлүмүнүн жана Кыргызстандын муфтиятынын өкүлдөрү менен жыйын курду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкекке көрк кошту. Кыргызстандагы эң чоң мечиттин ичи-тышы видеодо - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке көрк кошту. Кыргызстандагы эң чоң мечиттин ичи-тышы видеодо
Анда азандын үнүн басаңдатуу, жума намазы учурунда мечиттин айланасына машина токтотууну тартипке салуу жана бул үчүн ыктыярчыларды тартуу маселелери талкууланды.

Мындан ары бул сыяктуу жолугушуулар такай уюштурулуп, анда келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланып турмакчы.

Буга чейин айрым жарандар жаңы салынган мечиттеги азандын үнү катуу чыгып жатып айтып, арызданган болчу. Ага муфтият жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0