Тарых музейи качан ачылат? Чубактын кунундай чубалган реконструкция

© Sputnik / Табылды КадырбековРеконструкция Государственного исторического музея в Бишкеке
Реконструкция Государственного исторического музея в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тарых музейи али күнгө чейин ачыла элек. Себебин музейдин жетекчилиги да, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги да билбей турганын айтты.

2016-жылдын март айында реконструкция иштери башталган мамлекеттик музей эмне себептен азыркыга чейин ачылбай жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги сураштырып, музейге да барып көрдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик тарых музейинде реконструкция иштери 2016-жылдын март айында башталган
Реконструкция Государственного исторического музея в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик тарых музейинде реконструкция иштери 2016-жылдын март айында башталган

Биз барган маалда имараттын эшигинин түбүндө 10го чукул окуучу кыздар жана мугалими туруптур. Музейге экскурсияга келген сыяктуу, терезесинен алмак-салмак ичин шыкаалап карап жатышты. 

Жылдыз Насымканова "Давха" мектеп комплексинин кыргыз тилчи мугалими атайын окуучуларга музейди көрсөткөнү келген. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБиз барган маалда имараттын эшигинин түбүндө 10го чукул окуучу кыздар жана мугалими туруптур.
Реконструкция Государственного исторического музея в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Биз барган маалда имараттын эшигинин түбүндө 10го чукул окуучу кыздар жана мугалими туруптур.

"6-класстын окуучуларына музейди, анын ичиндеги кыргыздын улуттук баалуулуктарын көргөзөйүн деп келгем да. Көрсө, дагы эле ачыла элек турбайбы", — деди Насымканова.

Аталган жайдын эшигинде "музей реконструкцияга жабык" деген кагаз чапталып турат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАталган жайдын эшигинде "музей реконструкцияга жабык" деген кагаз чапталып турат
Реконструкция Государственного исторического музея в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Аталган жайдын эшигинде "музей реконструкцияга жабык" деген кагаз чапталып турат

Тегерек четине көз чаптырсак, сырттагы курулуш иштери бүткөн өңдүү. Кызматкерлери менен сүйлөшүп качан ачыла турганын сурап көрөлү деп имаратты айлана бастык. Музейге кызматтык эшиги аркылуу кирдик.

Күзөтчүлөр имараттын ичин кыдырып чыгууга уруксат берген жок, жетекчилик журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартып койгонун айтышты. Телефон аркылуу байланышканыбызда бул маселе боюнча Маданият министрлиги гана маалымат бере алары белгилүү болду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТарых музейинин жетекчиси эч нерсе билбей турганын айтып, бул маселе боюнча Маданият министрлигине кайрылууну өтүндү
Реконструкция Государственного исторического музея в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тарых музейинин жетекчиси эч нерсе билбей турганын айтып, бул маселе боюнча Маданият министрлигине кайрылууну өтүндү

Бирок музейдин эмне себептен ушул убакытка чейин ачылбай жатканын жана качан ишке кирерин Маданият министрлиги да билбейт экен.

"Качан ачыларын бизге президенттин аппаратынан кабарлашат. Биз анан гана ЖМКга чыгарабыз. Азырынча ал тууралуу эч кандай билдирүү жок", — дешти министрликтен.

© Sputnik / Табылды КадырбековБирок музейдин качан ишке кирерин Маданият министрлиги да билбейт экен
Реконструкция Государственного исторического музея в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бирок музейдин качан ишке кирерин Маданият министрлиги да билбейт экен
Эске салсак, ушул жылдын башында президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштери менен жеринде таанышып, аталган жай март айында ачылары маалым болгон.

Бирок май айында депутаттар Тарых музейин реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп чыгып, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары ал эмеректин баасын жарыялаган

Музейди реконструкциялоодон чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү иштерин баштап, июлда Башкы прокуратура имаратты оңдоого жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгогон

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭске салсак, ушул жылдын башында президент Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштери менен жеринде таанышкан
Эске салсак, ушул жылдын башында президент Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштери менен жеринде таанышкан - Sputnik Кыргызстан
1/5
Эске салсак, ушул жылдын башында президент Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштери менен жеринде таанышкан
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАталган жай ушул жылдын март айында ачылары маалым болгон.
Аталган жай ушул жылдын март айында ачылары маалым болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Аталган жай ушул жылдын март айында ачылары маалым болгон.
© Sputnik / Светлана ФедотоваДепутаттар тарых музейин реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп чыгышкан
Депутаттар тарых музейин реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп чыгышкан - Sputnik Кыргызстан
3/5
Депутаттар тарых музейин реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп чыгышкан
© Sputnik / Светлана Федотова"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары ал эмеректердин баасын да жарыялаган
Ата Мекен фракциясынын депутаттары ал эмеректердин баасын да жарыялаган - Sputnik Кыргызстан
4/5
"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары ал эмеректердин баасын да жарыялаган
© Sputnik / Светлана ФедотоваБашкы прокуратура имаратты оңдоого жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгогон
Башкы прокуратура имаратты оңдоого жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгогон - Sputnik Кыргызстан
5/5
Башкы прокуратура имаратты оңдоого жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгогон
1/5
Эске салсак, ушул жылдын башында президент Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейинин оңдоо иштери менен жеринде таанышкан
2/5
Аталган жай ушул жылдын март айында ачылары маалым болгон.
3/5
Депутаттар тарых музейин реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баасына нааразы болуп чыгышкан
4/5
"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары ал эмеректердин баасын да жарыялаган
5/5
Башкы прокуратура имаратты оңдоого жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин козгогон

Баса, Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо долбоорун Түркиянын ТИКА уюму каржылап, башында аны оңдоп-түзөөгө 270 миллион сом сарпталары айтылган.

Ал эми музейдин качан ачылары тууралуу сурообуз ачык калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0