Кашкар Жунушалиев Бурулайдын атасы жолугуудан баш тарткан деди. Чынбы?

© Sputnik / Табылды Кадырбековкиши колдуу болгон Бурулай Турдали кызынын атасы Турдали Кожоналиев. Архив
киши колдуу болгон Бурулай Турдали кызынын атасы Турдали Кожоналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлтүрүлгөн кыздын атасы ички иштер министри менен жолугушуудан эч качан баш тартпагандыгын билдирди.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев киши колдуу болгон Бурулай Турдали кызынын атасы алар менен жолугушуудан баш тарткан деп маалымат жыйында айтты.

Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кашкар Жунушалиев милиция элдин ишеничинен кеткенин моюндады
Премьер-министр Абылгазиев Жунушалиевге Турдали Кожоналиев менен жолугушууга 2018-жылдын 16-июлунда эле тапшырма берген. Андан эки күн өткөндөн кийин Кожоналиев соттук-медициналык экспертиза органдарын паракорлукка күнөөлөгөн.

Жайында, 24-июлда, журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөргөн Жунушалиев Бурулайдын атасы менен жолуккандыгын жана комиссиялык соттук-медициналык экспертиза түзүлгөндүгүн айткан.

Ал эми бүгүн 24-октябрда Жунушалиев кыздын атасы Кожоналиев менен анын орун басары жолуккандыгын айтты.

"Премьер мага Кожоналиев менен жолугууга тапшырма бергенде командировкада элем. Келгенден кийин чакыртсам, жактоочусу бошобой калды беле, же башка себеп болду деди беле, айтор, келген эмес", — деди министр.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы комментарий алуу үчүн Бурулайдын атасы менен байланышты.

"Мени бир ирет жолугалы деп чакырышкан. Жактоочубуз менен баралы десем, ал күнү бошобой калды. Андан кийин кабарлашышкан жок, министр менен жолуккандан эч качан баш тарткан эмесмин", — деп айтты Кожоналиев.

Заседание по делу об убийстве Бурулай Турдали кызы  в Свердловском районном суде Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бурулайдын өлүмү. Инспектор ошол ирмем тууралуу айтып берди
Эске салсак, 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Бурулай алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

20-июнь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0