Депутат Акылбек Жамангуловдун архивдик сүрөтү

212 чарчы метрлик үйү бар. Акылбек Жамангуловдун байлыгы

2018
(жаңыланган 10:35 25.10.2018)
Sputnik Кыргызстан агенттиги Акылбек Жамангуловдун 2015-2016-жылдары тапшырган декларациясы менен таанышты.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бүгүн, 24-октябрь күнү, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясына жетекчи болуп дайындалды

Бүгүн 30 жашка толгон Акылбек Жамангулов "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат болуп келген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекеттин менчигинде турган ири компаниялардын бирине жетекчи болгон депутаттын эмне байлыгы бар экенин 2015-2016-жылдары тапшырган декларациясынан карап чыкты.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик салык кызматы 2017-жылдын декларациясын азырынча жарыялай элек.

Акылбек Жамангуловдун 2015-жылы тапшырган декларациясына караганда, бир жылдын ичинде депутаттык кызматынан 835 миң 719,29 сом тапкан. Мындан сырткары, 212 чарчы метрлик батири, 19,1 чарчы метрлик гаражы жана контейнери бар. Ошондой эле чарба субъектисинин (ЖЧК) 60 пайыз үлүшүнө ээлик кылат. Унаасы жок. Жакын туугандарынын байлыгы көрсөтүлгөн эмес.

Депутат 2016-жылы тапшырган декларациясына ушул эле мүлкүн көрсөткөн. Болгону тапкан акчасы бир аз кыскарып, 689 миң 719 сомду түзгөн.

2018
Белгилер:
депутат, MegaCom, Жогорку Кеңеш, Акылбек Жамангулов
Тема боюнча
Депутат Акылбек Жамангулов MegaCom компаниясынын жетекчиси болду
Бош турган министрликтердин башчылыгына талапкерлер сунушталды
Жолдо турган жүк ташыган унаалар. Архивдик сүрөт

Жүк ташыган унааларга навигациялык пломба коюу долбоорунун мөөнөтү узарды

17
(жаңыланган 12:56 19.01.2021)
Жүк ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат. Навигацияны колдонгон айдоочуларды жолдо кошумча текшерүүгө жол берилбейт.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.

"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.

Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.

17
Белгилер:
долбоор, Казакстан, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
"Эркеч-Тамга" барган Новиков: жүк декларациясын адам толтурбашы керек
Финпол: бир фура контрабандалык жүк кармалып, кызмат адамдары изделүүдө
Товарды көзөмөлдөөнүн жаңы түрү. ЕЭК кеңеши кабыл алган чечим
Аялдамада маршрутканы күткөн жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

Бишкек милициясы иш таштаган маршрутка айдоочуларына кайрылды

79
(жаңыланган 12:31 19.01.2021)
Укук коргоо органдары мыйзам бузуу фактылары боюнча маалымат бергендерге анонимдүүлүк кепилдиги бар деп ишендирди.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбай, мыйзам бузууларды укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, учурда шаарда абал туруктуу. Коомдук транспорт катышкан кырсыктар сутка ичинде катталган эмес.

"Бишкектин милициясы калаа тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыздап, коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Кечээ айрым маршруттук унаалардын айдоочулары жумушка чыккан жок. Бирок көпчүлүгү графиктин негизинде иштеп, элди ташыды", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция жарандарды бул окуяга байланышкан мыйзам бузуулар боюнча 102 номерине билдирүүгө чакырып, анонимдүүлүккө кепилдик болорун убада кылды.

Эске салсак, маршруткалардын айдоочулары 18-январда жол кирени жогорулатуу талабы менен нааразычылык акциясын өткөрүүнү убада кылышкан. Мэрия өз кезегинде акцияны уюштурган тараптарды лицензиясынан ажыратарын айткан. Милиция да мыйзам бузуулар катталса, чара көрүлөрүн эскерткен.

Муниципалитеттен билдиргендей, кечээ эртең менен баш калаадагы 1 350 кичи автобустан болгону 400-500ү гана жумушка чыккан. Шаардык транспорт башкармалыгы күндүз маршруттук линиялардын 90 пайызы штаттык режимде иштеп жатканын билдирген. Кечинде аялдамада транспорт күткөндөр көбөйгөн. Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев маршруткаларга байланышкан маселе турукташканын, маселе жол тыгындарында болушу мүмкүн экенин айткан.

79
Белгилер:
эскертүү, милиция, акция, иш таштоо, маршрутка, коомдук транспорт, Бишкек
Тема боюнча
Маршрутка көйгөйү: Милиция аялдамадагы аялдарды, балдарды үйүнө ташыды. Видео
Бишкектеги аялдамаларда маршрутка күткөн эл адаттагыдан көппү? Сүрөт, видео
Сойку кардары менен. Архив

Түркияда кыргызстандык аялдарды интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлагандар кармалды

0
(жаңыланган 13:30 19.01.2021)
Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирлерди табышкан.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.

Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.

Аларды кармоо үчүн атайын операция бир эле учурда шаардын ар кайсы райондорунда жүргүзүлгөн. Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирлерди табышкан. Жалпы жонунан сегиз чет элдик аял куткарылган. Аларды интим кызматын көрсөтүүгө мажбурлап күч колдонулганы белгиленди.

Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.

0
Белгилер:
кылмыш, кызмат, интим, Түркия
Тема боюнча
АКШнын эң кымбат сойкусу ишсиз калганын айтып бийликти сотко берди