Кыргызстан БУУга мүчө болуп эмнеге жетишти? Акыркы 26 жылдын жүзү

Жазылуу
Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүнө быйыл 73 жыл толду. Жыл сайын 24-октябрда дүйнө жүзүндө БУУ күнү белгиленип келет. Бул күнү дүйнөдөгү эң ири уюмдун уставы кабыл алынган. Ал эми Кыргызстан 26 жыл мурун аталган уюмга мүчө болгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул убакыт аралыгында өлкө эмнеге жетише алгандыгын тактап көрдү. 

© AP PhotoБУУнун мурдагы баш катчысы Кофи Анан Бишкекте Аскар Акаев менен
Визит генсекретаря ООН Кофи Аннана в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
БУУнун мурдагы баш катчысы Кофи Анан Бишкекте Аскар Акаев менен

Кыргызстандын мүчөлүгү

Кыргызстан БУУнун курамына киргенден бери аталган уюмдун алдындагы Айлана-чөйрө боюнча программасынын башкаруу кеңешине, экономикалык, социалдык кеңешине, ЮНЕСКОнун өкмөт аралык комитетине, бейөкмөт уюмдар боюнча комитетине, баңгизат, туруктуу өнүгүү, аялдардын абалы боюнча комиссияларга мүчө болгон. Учурда КР БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү. Ошондой эле Баңгизат боюнча комиссиясына 2021-жылга чейин мүчө болуп шайланган. Берилген бул макамдар кошумча укук жана жоопкерчиликти жүктөйт. Мунун аркасы менен мамлекет эл аралык деңгээлдеги чечимдерди кабыл алууга өз таасирин тийгизе алат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте өткөн Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо форумунда БУУнун баш катчысынын жардамчысы Джихан Султаноглу
Помощник генерального секретаря ООН Джихан Султаноглу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте өткөн Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо форумунда БУУнун баш катчысынын жардамчысы Джихан Султаноглу

Көтөргөн демилгелер

Кыргызстан БУУнун Генералдык Ассамблеясында мүчө болгондон бери бир катар демилгелерди көтөргөн. Алардын арасында "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын, 2002-жылы Эл аралык тоо жылын белгилөөнү демилгелеген. Ошол маалда Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Эл аралык коомчулуктун Борбор Азиядагы радиация коркунучун болтурбоодогу ролу өңдүү маселелерди көтөрүп чыккан. Ошондой эле Кыргызстандын демилгеси менен 2009-жылдан бери жер бетинде Бүткүл дүйнөлүк социалдык тең укуктуулук күнү белгиленип келет. Кыргызстан уюмга терроризм, баңгизат, коопсуздук, гидроэнергетика, уран калдыктары, экология, социалдык-экономикалык көйгөйлөрү менен кайрылган. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 73-сессиясынын жалпы дебаттарында катышып жаткан учуру
Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на 73-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 73-сессиясынын жалпы дебаттарында катышып жаткан учуру

Милдеттемелер

Кыргыз Республикасы 1992-жылдан бери бир топ келишим, конвенцияларга кошулуп коопсуздук, адам укуктары, экономикалык жана социалык өнүгүү жаатында милдеттемелерди өз мойнуна алган. 

© Фото / Представительство ФАО ООН в КыргызстанеБУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Сузак районундагы элеттиктерге туура тамактанууну үйрөткөн фестивалы
Фестиваль правильного питания в селе Октябрь Сузакского района - Sputnik Кыргызстан
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Сузак районундагы элеттиктерге туура тамактанууну үйрөткөн фестивалы

Каржылык колдоо

Бириккен Улуттар Уюму 2005-жылдан бери Кыргызстанды колдоо жана өнүктүрүү максатында гранттык негизде 517 миллион доллар жумшаган. Ал каражат коопсуздук, саламаттык сактоо, айыл чарба, билим берүү жана адам укуктары өңдүү бир катар тармактарга сарпталды. Уюм 2010-жылы июнь айында Ош, Жалал-Абад облустарындагы коогалаңда жараксыз абалга кептелген турак жайларды калыбына келтирүүгө донорлордон 90 миллион долларлык жардам алып келген. Ал эми БУУ менен кыргыз өкмөтүнүн кызматташуусунун алкагында 2018-22-жылдар аралыгында республика аймагына 221 миллион доллар тартуу каралган. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында баш катчы Антониу Гутерриш менен
Поездка президента КР в Нью-Йорк для участия в общих дебатах 73-й сессии Генеральной Ассамблеи ООН - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында баш катчы Антониу Гутерриш менен

Жумуш орундары

Бүгүнкү күндө өлкө аймагында БУУнун алдында 27 мекеме өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Анын 9у Бишкек шаарында жайгашкан. Мында жалпысынан 300 адам иштеп, алардын 90 пайызын жергиликтүүлөр түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0