Бишкекте муктаж болгондорго кийим-кече чогултула баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность кризисного центра "Сезим" в Бишкеке
Деятельность кризисного центра Сезим в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каалагандар таза жана бүтүн кийимдерди алып келсе болот.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы Улуттук Кызыл жарым ай коому менен биргеликте муктаж болгондорго гуманитардык жардам чогултуу акциясын баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Акциянын алкагында каалаган адам туруктуу жашай турган жери жок же жөн гана жардамга муктаж адамдар үчүн кышкы кийим-кече жана бут кийим алып келип берсе болот. Ал үчүн төмөндөгү даректерге кайрылуу керек:

— "Коломто" баш калкалоо жайы. Дареги: Жибек Жолу проспектиси, 413, тел.: 30-48-55;

— Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы. Дареги: Жибек Жолу проспектиси, 95 б, тел.: 67-04-33;

— Октябрь райондук администрациясы. Дареги: Байтик Баатыр көчөсү, 17, тел.: 51-02-63;

— Свердлов райондук администрациясы. Дареги: Чүй проспектиси, 28, тел.: 53-0 3-68;

— Кайрымдуулук борбору. Дареги: Трудовая көчөсү, 10, тел.: 64-48-71;

— Улуттук Кызыл жарым ай коому. Дареги: Эркиндик бульвары, 10, тел.: 30-01-90.

Жаңылыктар түрмөгү
0