Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусун кыдырат

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер Мухаммедкалый Абылгазиев вручил сотрудникам ГСИН ключи от квартир
Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев вручил сотрудникам ГСИН ключи от квартир - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы мектептердин жана бала бакчанын ачылыш аземине катышат.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Абылгазиев Баткен жана Лейлек райондорундагы мектептердин жана бала бакчанын ачылыш аземине катышат.

"Ал ошондой эле кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышып, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун Исфана шаарындагы эстелигине гүл коет", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Абылгазиев айыл чарба көргөзмөсүнө жана Лейлек районунун 90 жылдыгын белгилөөгө катышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0