Жардамдашкыла! Ош шаарында 13 жаштагы кыз жоголуп, милиция издеп жатат

Жазылуу
Кыз кечээ мектептен чыгып кеткен боюнча белгисиз болууда.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Ош шаарынын Салиева кѳчѳсүнүн тургуну, 13 жаштагы Аяна Кочкорбаева изделип жатат. Бул туурасында Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

"Кочкорбаева 2018-жылы 25-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында Ош шаарынын Райымбеков кѳчѳсүндѳ жайгашкан №7 Нариман орто мектебинен чыгып кеткен бойдон дайынсыз", — деп айтылат маалыматта.

Белгилери: боюнун узундугу 150-155 см., дене түзүлүшү орто, кара тору, кара каш, чачы узун, кара түстѳ.

Кийген кийимдери: үстүндѳ агыш түстѳгү хиджаб, кызгылтым түстѳгү жилет, ак түстѳгү кофта, боз түстѳгү юбка, бутунда кызгылтым түстѳгү кроссовка.

Милиция эгерде кыз боюнча кандайдыр бир кабар болсо Ош ШИИБине (03222) 6-55-10, 8-55-11, 0772-41-41-70, 0705-25-52-77 телефондору аркылуу кабар берип коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0