БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. MegaCom компаниясынын башкы директорлугуна дайындалган Акылбек Жамангулов мекеменин мурдагы жетекчиси айына 12 миң доллар алып келгенин Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.
Белгилей кетсек, Жамангулов буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында MegaCom компаниясынын жетекчилиги 20 миң долларга чейин айлык аларын айтып чыккан.
"Компаниянын топ-менеджери аларды эч ким текшербей турганынан пайдаланып негизсиз түрдө өзүлөрүнө көп айлыкты белгилеп алышкан. Жыйында мен ушул нерсени сынга алгам. Андан кийин Мамлекеттик мүлк фонду менен премьер-министр MegaСom компаниясынын топ-менеджерлеринин айлыгын кыскартуу чечимин кабыл алышты. Башкы директордун маянасы 60-70 пайызга чейин кыскартылды. Ал эми директор айына 20 миң доллар алып турган деген маалымат такталбай, аныгында жетекчинин айлыгы 12 миң доллар болгону ырасталды. Ошентсе да бул аябай көп деп ойлойм", — деди ал.
Жамангулов ошондой эле компаниянын башка кызматкерлеринин айлыгы кыскартылбай турганын кошумчалады. Андан сырткары, ал жогорудагы кыскартууларды эске алуу менен айына болжол менен 3600 доллардай айлык чыгышы мүмкүндүгүн белгиледи.30 жаштагы Акылбек Жамангулов 24-октябрда "Альфа Телеком" (MegaCom) компаниясынын башкы директору болуп дайындалган.
Жаш жетекчи тууралуу кызыктуу 8 фактыны окуңуз.
Жамангулов менен болгон маектин толук вариантын орус тилинде бул жактан окуңуз.
Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.
Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика аймагында күн ачык болору айтылды. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында -1…+4, Талас жергесинде 0…+5, Ош, Жалал-Абад аймактарында +6…+11, Баткенде +5…+10, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +8…+10 градус болот.