Спортклуб Ала-Тоо

Москвада кыргыздардын 30дай спорт клубу бар! Ээлери ким

3323
(жаңыланган 14:22 30.10.2018)
Болжолдуу маалыматтар боюнча, Россияда кыргызстандыктар ачкан 30дай спорт клуб бар. Айрымдары 10 жылдан бери иш алып барса, кээси бир-эки жыл мурда ачылган. Дээрлик бардыгы бокс, грэпплинг, күжүрмөн самбо, ММА багытында иш алып барат.

Спорт клубдардын филиалы Москвада гана эмес, Россиянын бир нече шаарында, жадакалса Кыргызстанда да ачылган. Машыктыруучулардын айтымында, спорт залдардын максаты — мигранттардын ден соолугун чыңдоо, өзүн-өзү коргоого үйрөтүү, ыплас жолдон алыс кармап, убактысын пайдалуу нерсеге жумшоо. Анткен менен спортчулар машыгып гана тим болбостон, профессионалдуу мушкер катары мелдештерде ийгилик жаратып, өлкө намысын коргогондору арбын экендигин белгилешти. Ошондой эле клубдар промоутерлик компания катары эл аралык турнирлерди да уюштуруп келет.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги мигранттардын башын бириктирген ири спорт клубдарды тизмектеди.

"Айкөл-Манас" клубу

Спортсмены спортклуба Айкол-Манас
© Фото / Нургазы Амиракулов
"Айкөл-Манас" клубу
Жетекчиси Нургазы Амиракулов клубду 10 жыл мурда ачкан. Учурда Москвада үч клубу бар, ошондой эле Екатеринбург, Тюмень, Санкт-Петербург, Ош, Жалал-Абад шаарларында ачылган. Көрүнүктүү өкүлдөрү Рыскулбек Ибраимов, Жаркынбек Байзаков, Шермухамбет Шермухамедмуса уулу, Кубаныч Кылычбек уулу, Мелисбек Тойчубеков, Акжолтой Таабалды Уулу жана башкалар. Мушкерлер ММА боюнча Евразия кубогунан тарта дүйнө чемпионатындагы алдыңкы орундарга чейин жетишкен.

"Жаш-күч" клубу

Клубду Москвада 2011-жылы Айбек Мусаев аттуу жигит ачып, аны өзү машыккан Кызыл-Кыя шаарындагы залдын атынан "Жаш күч" деп атаган. 2015-жылы клубдун мелдеш өткөрө турчу JFC (Kuch Fighting Championship) лигасы түзүлгөн. Президенти Мусаев болсо, ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов — ардактуу президенти.

Учурда "Жаш күч" Кызыл-Кыя, Ноокат, Ош, Бишкек жана Россиянын бир нече шаарында иштеп келе жатат. Клубдун учурдагы белгилүү мушкерлери: Абдалим Ысманов, Мыктыбек Мамасалиев, Данияр Бабакулов, Тилек Батыров, Жаныбек Аматов, Тилек Машрапов, Бахтияр Тойчубаев, Орозбек Марипов, Дарханбек Эргешов жана башкалар.

"Ихлас" клубу

Боец ММА, тренер спортивного клуба Ихлас Тынчтыкбек Иминжанов (в центре)
© Фото / предоставлено Тынчтыбеком Иминжановым
"Ихлас" клубу
Москва жергесине "Ихлас" клубунун ачылганына үч жылдай болду. Президенти Дамир Маткасымов. Белгилүү ММА мушкери Тынчтыкбек Иминжанов клубдун улук машыктыруучусу болсо, бокс менен Нурбек Маматов, эркин күрөш менен Шухрат Токтосунов, грэпплинг боюнча Талгат Кеңешов аттуу жигиттер машыктырат. Жалпысынан 150дөй бала тарбияланат. Иминжанов "Мигрант жигиттерди жаман жолдон алыс кармап, ден соолукту чыңдоо үчүн ачканбыз. Бирок арабызда өзүн профессионал спортчу катары көрсөткөндөр өсүп чыкты", дейт. Клубдун көрүнүктүү өкүлдөрү Эламан Додонов, Нуржан Абдыхалилов, Байболот Эргешов, Эгемберди Кабылов, Данияр Калыбаев, Эрнис уулу Сайпидин эл аралык турнирлерде жеңүүчү аталып келишет.

"Ак барс" клубу

Основатель и главный тренер спортивного клуба Ак барс Жолдубай Мамашарипов
© Фото / предоставлено Жолдубаем Мамашариповымм
"Ак барс" клубу
Клубдун негиздөөчүсү жана башкы машыктыруучусу Жолдубай Мамашарипов самбо боюнча Россиянын спорт чебери. Клуб Москва шаарында 2011-жылдан тарта өз ишин баштаган. Мамашариповдун башкы максаты — мигранттарды спортко үндөп, убактысын пайдалуу ишке жумшоо.

Клуб спорттун бир нече түрлөрү боюнча иш алып барат. Спортчулары Айбек Раимберди уулу, Алманбет Жаныбеков, Улукбек Аманбаев, Медер Жээналиев, Токтоболот уулу Таштанбек, Нурсултан Турдуев күжүрмөн самбо боюнча Москва чемпиондугун багындырып, ММА, панкратион боюнча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү аталышты.

"Эмир" клубу

Спортсмены бойцовского клуба Эмир тренера Жыргалбека Чомонова
© Фото / предоставлено Жыргалбеком Чомоновым
"Эмир" клубу
Залдын президенти жана машыктыруучусу Жыргалбек Чомонов оор салмактагы көрүнүктүү мушкерлердин бири. Аралаш мушташ боюнча WEF, AFC, EFC мелдештерин уткан. Үч жыл мурда "Эмир" клубун ачып, азыр кырктай баланы тарбиялоодо. Клуб күжүрмөн самбо боюнча беш спорт чеберин жана жети талапкерин өстүргөн.

"Усман-Умар" клубу

Спортсмены бойцовского клуба Усман-Умар руководителя Тариеля Аттокурова
© Фото / предоставлено Тариелем Аттакуровым
"Усман-Умар" клубу
Машыгуу жайында 50-60тай бала тарбияланат. Жетекчиси Тариель Аттокуров залды төрт жыл мурда ачкан. Клубдун көрүнүктүү өкүлдөрү Алымбек Темиров, Нурболот Чаткалбаев, Чыңгыз Анарбай уулу, Камбарал Райымбаев, Эдилбек Шакирмаматов, Баяман Маматалиев, Элдарек Алишер уулу, Эрмек Осоркул уулу, Амалбек Самаган уулу, Руслан Абдылда уулу ж.б. Мушкерлер грепплинг жана ММА боюнча дүйнө чемпионатында алдыңкы орундарды ээлеп, бир канча турнирде жеңүүчү аталышкан.

"Айкөл FC"

Спортклуб Айкол FC
© Фото / предоставлено Кубанычбеком Осмонбековым
"Айкөл FC"
Клуб 2016-жылы машыгуулар менен мелдештерди уюштурууга ылайыкталып, мигрант спортчуларды колдоого багытталган социалдык долбоор катары ишке ашкан. Негиздөөчүсү Кубанычбек Осмонбеков. Клубдун өзгөчөлүгү — мигранттардын шарттарына ылайык күнү-түнү иштейт, ошондой эле социалдык жеңилдиктер каралган.

"Ала-Тоо" клубу

бойцы спортклуба Ала-Тоо руководителя Дилярбека Жороева
© Фото / предоставлено Дилярбеком Жороевым
"Ала-Тоо" клубу
Клуб эки жыл мурда "Тоолос" деген ат менен ачылган (бир ай мурда Ала-Тоого алмашкан). Жетекчиси Дилярбек Жороев. Залда 60тай бала машыгат. Дагы бир филиалы Ошто жайгашкан. Балдар грэпплинг боюнча Европа чемпионатында, ММА боюнча WEF турниринде ийгилик жаратышкан. Арасынан Нурсултан Төлөнбай күжүрмөн самбо боюнча эл аралык даражада спорт чебери аталса, Семетей Жыргалбек уулу, Ыманбек Абылбакы уулу, Эркинбек Мансуров жана Азам Эргешов Россиянын спорт чебери аталышкан.

3323
Белгилер:
ММА, кыргыз, мушкер, клуб, балдар, спорт, Мигрант, Россия, Москва
Тема боюнча
Кошматов: кээде өлүктү жөнөтө албай калабыз. Себеби, Кыргызстандын учактары албайт
Россияда мигрант, Алайда автослесарь. Оштун мэри Сарыбашев тууралуу 6 факты
Енисейдин жээгинде жашаган Жаналиев: бизде кой жок, майрамда бугу союп жейбиз
Бишкектин Коопсуз шаарынын камералары. Архивдик сүрөт

Бишкекте дагы 40 кесилишке "Коопсуз шаардын" камералары коюлат

39
(жаңыланган 10:50 02.12.2020)
Долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн тендерди Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы утуп алган.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкекте дагы 40тай жол кесилишине "Коопсуз шаардын" камераларын коюу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Тез жардам унаасы. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ага ылайык, азыркы учурда тийиштүү адистер камера орнотула турган кесилиштерди карап, изилдөөдө. Аппараттар кайсы кесилиштерде пайда болору маалыматта айтылган эмес.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу үчүн тендерди Shenzhen Sunwin Intelligent Co.Ltd компаниясы утуп алган. Мында өлкөнүн бардык аймактарына камералар коюлат. Жалпы 306 жерге атайын жабдуу орнотулары, анын 266сы стационардык, 40ы көчмө камера боло турганы кошумчаланды.

39
Белгилер:
долбоор, тендер, жол, камера, Бишкек
Тема боюнча
Иши жеңилдеди. Патрулдук милиция айдоочуларды эми планшет менен текшерет
Жээнбаева: "Коопсуз шаар" киргенден бери Бишкекте жол кырсыгы 70%га азайды
Активист: майыптыгы бар адамдар "Коопсуз шаар" сыяктуу системада иштесе болмок
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова

Естебесова: дем алуу органдарынын оорулары аба алмашкан учурда күч алат

12
(жаңыланган 11:38 02.12.2020)
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова дем алуу органдарынын өнөкөт жана курч оорулары эмнеси менен айырмалана турганын жана сууктун түшүшү аларга кандай таасир этерин айтып берди.
Естебесова: дем алуу органдарынын оорулары аба алмашкан учурда күч алат

Дем алуу органдарынын оорулары аба алмашкан учурда күч алат. Андан көбүнчө чылым чекендер, дайыма очок жагып же түтүн менен дем алгандар жабыр тартат. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, автоунаалардын түтүнүнөн чыккан зыяндуу заттар дагы адамдын организмине терс таасирин тийгизет.

"Өнөкөт жана курч оорулардын айырмачылыгы — анын улам кайталанып турушунда. Маселен, курч оорулар өзү айтып тургандай эле сасык тумоо же башка дарттар сыяктуу пайда болуп анан жок болуп кетет. Ал эми өнөкөт оорулар бир нече жыл катары менен суук түшкөн же ага кабылган учурда күчөйт. Дем алуу органдарынын оорулары кеч күз менен жазда аба алмашып, ошол эле учурда суук болуп турган учурда күч алат. Себеби организм абанын алмашуусуна ыңгайлаша баштайт. Ал эми дем алуу органдары бүткүл организмдин "дарбазасы" болуп саналат. Бизде кескин-континенттик климат болгондуктан аба ырайы тез жылып кайра суук түшө берет. Мындай учурда айрым адамдардын дем алуу органдары сезгенип калышы толук ыктымал. Өзгөчө, өнөкөт аллергиясы барлар, чылым чеккендер, очокко от жаккандан жана түтүн менен дем алгандар көбүрөөк жабыр тартышат", — деди Естебесова.

Өпкө дарыгери күндүн табы нөлдөн төмөн болгон учурда респиратордук вирустар абада каалгыбай, адамга тийгизген таасири басаңдап каларын кошумчалады.

12
Белгилер:
оору, түтүн, адам органдары, Бермет Естебесова
Тема боюнча
Естебесова: тамеки чеккендер COVID-19ду жеңил көтөрөт деген жаңылыштык
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов. Архив

Бүгүн Талант Мамытов Кыргызстандын атынан ЖККУнун сессиясына катышат

0
(жаңыланган 11:38 02.12.2020)
Сессияда уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгү, ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларындагы чечимдердин ишке ашырылышы, мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө маселелери талкууланат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып жаткан жана ЖКнын спикери Талант Мамытов
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Иш-чара бүгүн, 2-декабрда, өткөрүлмөкчү. Анда уюмдун мындан аркы ишмердүүлүгү, ЖККУнун уставдык органдарынын сессияларындагы чечимдердин ишке ашырылышы, мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө маселелери талкууланат.

Жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Застын катышуусу күтүлүүдө.

0
Белгилер:
видеоконференция, жыйын, Талант Мамытов, ЖККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
ЖККУнун коргоо министрлеринин отуруму өттү. Талкууланган маселелер