Күнүнө 2600 айдоочу автоинспекторго түшөт. Бир жумалык статистика

Жазылуу
Автоинспекторлор 19-октябрдан 25ине чейин жол кыймылынын эрежелери бузулганын аныктаган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Узаган жума ичинде 18 242 ирет жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Тагыраак айтканда, автоинспекторлор 19-октябрдан 25ине чейин жол кыймылынын эрежелери бузулганын аныктаган. Бул статистика бир күндө 2606 айдоочу эреже бузуп жатканын түшүндүрөт.

Айыпка жыгылган айдоочулардын саны:

Тыюу салуучу жол чырагынан өтүү — 343;

Мас абалында унаа башкаруу — 225;

Унаа каражатын жогорку ылдамдыкта айдоо — 1996;

Жол белгилерин сактабоо — 3135;

Автоунаанын жарык чыгаруучу приборун иштетпей айдоо — 1500;

Башка транспортторго тоскоолдук жаратуу — 1478;

Коопсуздук курун тагынбоо — 4244;

Унаанын алдыңкы жана каптал айнегин караңгылатуу — 48;

Уюлдук телефонун колдонуу эрежесин бузуу — 3252.

Мындан сырткары, 1117 айдоочунун унаасы айып короого киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0