Театр жана кино актрисасы, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреты Даркүл Күйүкова(солдон биринчи). Архив

Панфиловду таң калтырган кыз. Даркүл Күйүкова тууралуу 6 факты

1112
(жаңыланган 09:18 31.10.2018)
Бүгүн театр жана киного өмүрүн арнаган Даркүл Күйүкованын туулган күнү. СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреты көзү тирүү болгондо быйыл 99га чыкмак.

Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар талантты эскертип кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Актриса театра и кино, народная артистка СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова Даркуль Куюкова
© Фото / из семейного архива Абдубачаевых
Бүгүн театр жана киного өмүрүн арнаган Даркүл Күйүкованын туулган күнү. СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреты көзү тирүү болгондо быйыл 99га чыкмак

Төкөлдөштүн кызы. Актриса Даркүл Күйүкова 1919-жылы 29-октябрда Ворошилов районуна (азыркы Аламүдүн району) караштуу Төкөлдөш айылында туулган. Дыйкандын үй-бүлөсүндө тарбияланган кыз 10 жашынан тарта эле театрда роль жарата баштаган. Бирок буга анын ата-энеси ага каршы болгон.

Панфиловду таң калтырган. Эмгек жолун мектепти аяктаган соң 17 жашында Фрунзе шаарындагы жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Ошол жылдары өспүрүм театрда кемпирдин образын жаратып, көрүүчү катары келген легендарлуу генерал-майор Иван Панфиловду таң калтырган. 1940-жылдан баштап Күйүкова Кыргыз драма театрында кесибин уланткан.

С Даркуль Куюковой. Кадр из фильма Зной
© Фото / Александр Федоров
СССРдин эл артисти Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык ролду ийнине жеткире аткарган

Театрга арналган өмүр. СССРдин эл артисти Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык ролду ийнине жеткире аткарган. Алардын ичинен Кубанычбек Маликовдун пьесасында Жаңыл Мырзанын, Айтматовдун "Саманчынын жолу" спектаклинде Толгонайдын образын көпкө чейин аткарган. Табиятынан жөндөмдүү, ички сезими күчтүү, трагедиялык пландагы актрисанын жогорку билими болгон эмес.

Актриса театра и кино, народная артистка СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова Даркуль Куюкова с семьей
© Фото / из семейного архива Абдубачаевых
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

Кино жана Күйүкова. Ал "Биринчи мугалим", "Ак кеме", "Аптап", "Аталар өрөөнү", "Ак Мөөр", "Жамила", "Жоро", "Космонавттар көчөсү" тасмаларындагы уникалдуу образдарды жараткан. Күйүкова кезинде кыргыз аялдарынын образын түзүүдө өз чеберчилигин көрсөткөн.

Жөнөкөй депутат. Бир нече обройлуу сыйлыктардын ээси өлкө аймагына жана чет өлкөгө көп гастролдогон. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп да шайланган. Кесиптештери менен шакирттери Күйүкова башкарма, райком, малчы же дыйкан болобу, баарына бирдей мамиле кылып, жөнөкөй болчу деп эскеришет.

Актриса театра и кино, народная артистка СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова Даркуль Куюкова
© Фото / из семейного архива Абдубачаевых
Күйүкова бир нече обройлуу сыйлыктардын ээси өлкө аймагына жана чет өлкөгө көп гастролдогон. Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп да шайланган

Мээрман эне. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. Тагдырдын жазмышы менен анын биринчи күйөөсү фин согушунда курман болуп, Күйүкова кызы менен жесир калган. Кийин актер Исмаилбек Абдубачаевге турмушка чыккан. Ошол учурда ал дагы келинчегинен ажырап, эки уулу менен калган. Чыгармачыл инсандардын кызы Райма актерлукту аркалап, КРдин эмгек сиңирген артистине чейин жетсе, дагы бир уулу узак убакыт радиодо диктор болуп эмгектенген. Ал эми кичүү баласы Рысбек учурда Опера жана балет театрында солист болуп иштеп келет. Күйүкова узакка созулган оорунун кесепетинен 77 жаш курагында каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

1112
Белгилер:
актриса, театр, кино, Даркүл Күйүкова, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (358)
Тема боюнча
Темир устанын баласы... Улуу окумуштуу Болот Юнусалиев тууралуу 6 факты
Жыл өткөн сайын жашарган Саламат Садыкова 62 жашка толду. Ырчы тууралуу 6 факты
Бал. Архивдик сүрөт

Ченемин билгиле. Диетолог балдын зыян жактарын айтып берди

7
(жаңыланган 08:31 15.08.2020)
Биохимиялык индекс боюнча, бал кумшекерге тете болгондуктан айрым оорулууларга такыр жегенге болбойт. Кээ бирлери чеги менен колдонушу шарт.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Балды ченемден тыш колдонуу бир катар көйгөйгө алып келерин "Известия" дарыгер-диетолог, эксперт Дарья Русаковага шилтеме берип жазды. 

Адистин айтымында, кант диабети менен жабыркаган адамдар балдан таптакыр баш тартканы оң. Анткени таттуу азык кандагы глюкозаны көтөрөт. Ошондой эле балда углевод көп болгондуктан ден соолугу чың адамдар дагы ченеп жеши керек.

"Бир күндө 1-2 кашык колдонсо болот. Бирок күндүз жегенге аракет кылгыла, углеводдорду коротконго жардам берет. Биохимиялык индекс боюнча, бал кумшекерге тете болуп калат. Ошондуктан балды көп жеген ашыкча салмакка алып келет", — деген диетолог.

Уйку канат. Дарыгер кумшекерден баш тартуунун пайдасын айтты

Ал кошумчалагандай, балды дайыма колдонгудай анда пайдалуу делген микроэлементтер, витаминдер жана заттар аз.

Ошондой эле тамак-аш адиси балдын жаңысын дүкөндөрдөн алууну сунуштаган. Себеби колдон-колго өтүп сатылгандар анын каякта чогултулуп сакталганына жана алып келингенине жооптуу эмес.

7
Белгилер:
салмак, бал, азык, диетолог
Тема боюнча
Дарыгер салмак коштурчу суусундуктарды тизмектеп берди
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

73
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

73
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды