Памирлик кыргыздар. Архив

Нарындагы памирлик кыргыздар Алайга көчүрүлөбү? Миграция кызматынын жообу

1426
(жаңыланган 12:18 08.11.2018)
Буга чейин боордоштордун бири Абдылгафар Абдырасул уулу Алайга көчүп кетүүлөрү мүмкүндүгүн айткан.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Нарында жашап жаткан памирлик боордоштор Алайга көчүрүлбөйт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги Нарындагы памирлик кыргыздардан кабар алып байланышканда, боордоштордун бири Абдылгафар Абдырасул уулу өкмөт аларга Алайдан жер бөлүп бере турганын айткан.

"Өкмөт Алайдан жер бөлүп беребиз деп жатат. Жайында Кичи Алайдын Сары-Могол деген жерине кетебиз", — деген Абдырасул уулу.

Бирок Миграция кызматынын өкүлү Жыпара Мамбетова аларды көчүрүү тууралуу сөз да болбогонун айтты.

"Көчүрүү тууралуу азырынча план жок. Өткөндө аларды Чоң-Алайга алып барып туугандары менен учураштырып келгенбиз. Ошондо жергиликтүү тургундар "жолуңар ачык, бул жакка келсеңер деле болот" деп айтып жатышкан. Балким, ошондон улам ушундай ойлор жаралса керек. Азырынча памирликтер Нарында эле болушат. Анткени отурукташып калышты. Балдары болсо окуп жатат, батирдин акчасы да төлөнүүдө. Негизи биз аларды окутуу максатында эле алып келгенбиз. Кыргызстанда жашап калышабы же кетишеби өздөрү чечет. Кааласа Алайга көчүп барышат, бирок ал үчүн Кыргызстандын жарандыгын алуу керек болот", — деди Мамбетова.

Эске салсак, учурда памирлик кыргыздардын ичинен Ноорулхуда менен Авдувакил Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде билим алууда.

Эске салсак, 2017-жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине өкмөт тарабынан көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан. Кийин 2018-жылы жазга жуук дагы бир нече адам келген.

Ал эми 6-июлда 18 киши жайкы каникулга карата Бишкектен Памирди көздөй сапар алышкан. Азырынча кеткендерден кабар жок.

1426
Белгилер:
Памир кыргыздары, Алай району, Нарын облусу
Тема:
Памирлик кыргыздар (80)
Тема боюнча
Нарындагы памирлик кыргыздарга кандай колдоо көрсөтүлүүдө? Өкмөттүн жообу
Жаңы төрөлгөн памирлик кыргыз Нарынбекке күбөлүк берилди
Бишкектин камера коюлган көчөдө бараткан унаа. Архивдик сүрөт

Жол эрежесин бузуп камерага түшүп, айып төлөбөй жүргөндөргө көрүлчү чаралар

178
(жаңыланган 21:11 23.09.2020)
Жол эрежесин бузуп "Коопсуз шаардын" камерасына түшүп калган айдоочулардын арасында айып пулун көптөн бери төлөбөй жүргөндөр болсо керек.

Sputnik Кыргызстан агенттиги "Жол эрежеси" рубрикасынын алкагында мындай учурда айдоочуга кандай чаралар көрүлүп, кантип жазалана турганын билип көрдү. Аларды ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев айтып берди.

Айып пулду канча убакытка чейин төлөш керек?

Жол эрежесин бузгандыгы тууралуу айып пулдун кагазы келген күндөн тарта автоунаа ээси (автокөлүк кимге катталган болсо, айып кагаз ошол адамга жиберилет) аны жарым айдын ичинде төлөшү керек. Башкача айтканда, 15 календарлык күндүн ичинде төлөгөн учурда айып пулдардын көлөмдөрү 50 пайызга азайтылат. Эгер ал убакыттан ашып кетсе, анда айыпты толук төлөөгө туура келет. Айтор, мыйзам боюнча айдоочу бул милдеттен бир айдын ичинде кутулушу керек.

Жол кырсыгы болгон жерге эмнеге инспектор чакыруудан качышат? Эреже, кеңештер

Белгилей кетсек, жол эрежесин одоно, адам өмүрүнө коркунуч жаратып бузгандар, мисалы, жол кырсыгына себепкер болгондор, машинаны мас абалында башкаргандар, автокөлүктүн айнегин караңгылатып айдагандар, жолдун каршы тилкесине чыккандарга 50 пайыздык арзандатуу берилбейт. Алар айып пулду 15 күндүн ичинде болсо дагы толук көлөмдө төлөөгө туура келет. 

Цифровизированный командный центр, который ведет онлайн-видеонаблюдение за столицей
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Санариптештирилген командалык борбор

Бир айдан ашып кетсе, кандай чаралар көрүлөт?

Айып пул бир айдын ичинде төлөнбөсө, ага бир күндө бир пайыздык туум чыга баштайт. Мисалы, бир күнгө 10 сом. Эгер айып пулдун көлөмү 1000 сом болсо, үч айдын ичинде ага 1000 сом кошулуп, 2000ге жетет. Же болбосо айып пулдун өлчөмү 5500 сом болсо, ага үч айда ушундай эле сумма кошулуп 11 000 сомго көтөрүлүп кетет. Башкача айтканда, туум үч айдын ичинде айып пулдун өзүнүн көлөмүнө жетет.

Туумдун көлөмү айып пулдун өзүнүн көлөмүнө жеткен күндө, башкача айтканда, үч айдан кийин ЖКККББ тиешелүү кагаздарды чогултуп ишти сотко өткөрөт. Бул учурда соттун дагы өз укуктары бар. Алар айдоочуга ар кандай чектөөлөрдү коюшу мүмкүн. Мисалы, мамлекеттик органдардан паспорт же маалымат кат алууда чектөө коет. Иш сотко өткөндө автоунааны сатуу да кыйын болуп калат. Башкача айтканда, айып пулду төлөмөйүн айдоочу темир тулпарын сата  да албай, башкага каттай да албай алат. Мындан сырткары, эгер айып пул төлөбөгөн айдоочу мамлекеттик кызматтарда эмгектенсе, иштеген мекемесине эскертүү кагаздарын жибериши мүмкүн. Мындай айдоочулар айып пулдан кутулмайын чет өлкөгө да чыга албай калышы толук ыктымал. 

Сотрудники патрульной милиции на оцепленном квадрате между улицами Жукеева-Пудовкина, Ахунбаева, Медерова и набережной в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
ЖКККББнын Кайгуул кызматынын өкүлү айдоочуну токтотууда

Айып пул төлөбөгөнүн кайгуул кызматы кантип биле алат?

ЖКККББнын Кайгуул кызматынын өкүлдөрү айып пул төлөбөгөн айдоочуну тез эле аныктап кое алышат. Азыр алар "Коопсуз шаар" долбоору туташтырылган электрондук планшеттер менен иштейт. Рейд учурунда, мындай күндөрү деле автоунаанын артынан кетип бара жатып анын номерин терип айып пулунун мөөнөтү өткөн-өтпөгөнүн планшеттин жардамы менен текшерип коюшат.

Айдоочуларга айып пул төлөтүүдө кандай тоскоолдуктар бар экени айтылды

Эгер автоунаага жазылган айып пулдун тууму бар болсо, инспекторлор айдоочусун жолдун чекесине токтотуп, Эреже бузуулар кодексинин 31-беренесине таянып машинаны айып короого киргизип коюуга толук укугу бар. Айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыпты төлөмөйүн анын автокөлүгү чыгарылбайт.

178
Белгилер:
автоунаа, айдоочу, айып пул, Коопсуз шаар
Тема боюнча
Баланын жолдогу коопсуздугу. Ата-энелерге жол эрежеси боюнча 9 кеңеш
Ылдамдыкты азайтып, фара күйгүзүүнү унутпаңыз! Көлгө бара жаткандагы жол эрежелери
Айдоочу ГБРдин автоунаасына жол бошотуп берүүгө милдеттүүбү? Эрежелер
Балыкчы шаарындагы үйлөр. Архивдик сүрөт

Бейшембиге карата аба ырайы

25
(жаңыланган 21:02 23.09.2020)
24-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бейшемби күнү, 24-сентябрда, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары

Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +21...+23, Ош калаасында +26...+28 градуска көтөрүлөт.

25
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы
Бир рубль монетасы жана долларлык монета жана купюрасы. Архив

Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти

0
(жаңыланган 00:14 24.09.2020)
Доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда апрель айынан бери биринчи жолу доллар 77 рублге чыгып, кескин кымбаттады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Москва биржасынын маалыматына караганда, бир доллар Бишкек убактысы боюнча саат 20:24тө 77,07 рублди түздү (96 тыйынга кымбаттады). Ал эми евро 80 тыйынга кымбаттап, 89,93 рубль болду.

Белгилей кетсек, доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

0
Белгилер:
баа, доллар, Россия
Тема боюнча
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?