Мэрия Бишкекте быйыл канча көчө оңдолгонун айтты

Жазылуу
Кийинки жылы 6 көчө оңдолуп, 2 көпүрө колдонууга берилет.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкекте быйыл оңдоо үчүн пландалган көчөлөрдөгү иштер аяктаганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Муниципалитет кийинки жылга коюлган пландар тууралуу да маалымат берди.

Исанов көчөсүндөгү автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия темир жолго такалган үч көчөнү Лев Толстойго алып чыгат
2017-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан шаардын көчөлөрүн жакшыртуу долбоорунун биринчи фазасынын алкагында 95 чакырымды түзгөн 49 көчөнү оңдоо каралган. Учурда 47 көчөдө оңдоо иштери аяктады, анын ичинде Баялинов көчөсү да бар. Аталган жолдун Баку көчөсү менен Махатма Гандиге чейинки үч чакырым бөлүгү толук оңдолду. Аны менен кошо жол белгилери да коюлган.

Тоголок Молдо көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Саадаевге чейинки бөлүгү төрт айда оңдолуп, 3 чакырым 120 метр жолго асфальт төшөлгөн.

Ошондой эле Токтогул көчөсү менен Аламүдүн дарыясына узундугу 34, туурасы 23 метр болгон көпүрө салынды. Андан сырткары, Орозбеков көчөсү менен Чоң Чүй каналына дагы көпүрө курулган.

Калган алты көчө 2019-жылы оңдолот. Алардын ичинде Абай, Нуркамал, Токтогул, Алтымышев жана башка көчөлөр бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0