БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров парламенттин жалпы жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевден учурда Кыргызстанда бир баланын төрөтүн кабыл алууга канча сом чыгымдаларын сурады.
Бүгүн депутаттар "Жарандардын репродуктивдүү укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап жатат.
Каратаев аялдын төрөтүн кабыл алууга эч кандай акча төлөнбөй, мамлекеттин кепилдик программасынан алкагында бекер болушу керектигин белгиледи. Аткаминер анткен менен иш жүзүндө бир аз учурлар кездешип жатканын мойнуна алды.
"Жеткиликтүү каржылоо болбогондуктан анча-мынча төлөм болуп жатат, каражаттын бөлүнүшү боюнча көйгөйлөр бар", — деди министрдин орун басары.
Бирок депутат министрдин орун басарынын берген жоопторуна канааттанбаганын билдирди.
Депутат ошондой эле быйыл бала сатуу боюнча канча дарыгер жоопкерчиликке тартылганын сурады.
Каратаев бала саткан фактылар бар экенин, ага шектелип жаткандар камакка алынганын белгиледи.
"Беш кызматкер убактылуу кармоо жайында жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ал тууралуу кенен айта албайм, тергөө иштери жүрүүдө", — деди ал.
Каратаев саламаттыкты сактоо тармагын каржылоого СССР учурунда ар бир бейтапка 389 доллар бөлүнүп келсе, бүгүнкү күнү 43 доллар же 2967 сом каралып жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда кайсы айда балдар көп төрөлөрү боюнча материал даярдалган.