Кызын карай албай мас болуп жаткан аялдын ким экени такталды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүИчимдик ичип жаткан аял. Архив
Ичимдик ичип жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү органдардын өкүлдөрү аялдын жашоо-шарты менен таанышып кайтты.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Мас болуп жерде жаткан эненин ким экени такталганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек ЖКККББдан кабарлашты.

Буга чейин редакцияга WhatsApp каналы аркылуу окурман 4-5 жаштагы жүдөө кийинген наристе мас апасын тургуза албай жаткан видеону жөнөткөн. Окуя 30-октябрь күнү Логвиненко жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Биринчи Май райондук ИИБдин өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекциясы аялдын өздүгүн тактады. Ал Чүй облусуна караштуу Учкун айылында жашай турганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык милициясынан маалымдашкандай, өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекциянын өкүлдөрү үй-бүлө кандай шартта жашап жатканын текшерип, протокол түздү. Топтолгон материалдар өспүрүмдөр боюнча инспекция менен комиссияга өткөрүлүп берилди. Жакынкы күндөрү комиссия наристе энеси менен калар-калбасын чечет. Ага чейин наристе апасынын жанында болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0