Мурдагы "Нарын" ресторанынын орду дагы деле бош турат. Себеби айтылды

© Sputnik / Акылбек БатырбековСквер на место ресторана "Нарын" в Бишкеке
Сквер на место ресторана Нарын в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн кылымдын 80-жылдарындагы белгилүү ресторан бир жыл мурун толугу менен түрттүрүлгөн.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы мурдагы "Нарын" рестораны жайгашкан жерге сквер курулмак, бирок иш токтоп турат. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектурасы" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда муниципалдык ишкана ал жерге ээлик кылган тараптар менен байланыша албай жатат.

"Бул маселе азыркыга чейин чечилбей келет. Себеби ресторан турган жердин ээлери байланышка чыкпай жатат. Ошондуктан алар менен тилкени башка аянтка алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлө элек", — деп ишканадан билдиришти.

Исанов көчөсүндөгү автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия темир жолго такалган үч көчөнү Лев Толстойго алып чыгат
Өткөн кылымдын 80-жылдарындагы белгилүү ресторан бир жыл мурун түрттүрүлгөн. Ага ээлик кылгандар 20 кабат мейманкана курууну пландап жаткандыгы кабарланган. Ал эми калаа бийлиги ал жерге сквер салууну сунуштап жатат.

Эске сала кетсек, мэрия эки жыл мурун "Нарын" рестораны архитектуралык эстелик макамын жоготкондугу боюнча токтом чыгарган. Андан кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги да аны түрттүрүүгө уруксат берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0