Президент Жээнбеков "Санариптик Кыргызстан" долбоору боюнча маалымат алды

Жазылуу
Жээнбеков инвесторлорду тартуу жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жумушту активдештирүү, алардын аткарылышын катуу көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен өлкөдөгү санариптик трансформация маселелерин талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен өлкөдөгү санариптик трансформация маселелерин талкуулады
Президент Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен өлкөдөгү санариптик трансформация маселелерин талкуулады - Sputnik Кыргызстан
1/3
Президент Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен өлкөдөгү санариптик трансформация маселелерин талкуулады
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевДогоевдин айтымында, "Санариптик Кыргызстан" программасынын концепциясы эки маанилүү багытты аныктоого негизделген — бул трансформациянын санариптик эмес жана санариптик негиздери
Догоевдин айтымында, Санариптик Кыргызстан программасынын концепциясы эки маанилүү багытты аныктоого негизделген — бул трансформациянын санариптик эмес жана санариптик негиздери - Sputnik Кыргызстан
2/3
Догоевдин айтымында, "Санариптик Кыргызстан" программасынын концепциясы эки маанилүү багытты аныктоого негизделген — бул трансформациянын санариптик эмес жана санариптик негиздери
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМаалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоор бекитилип, алардын ичинен жетөө толугу менен ишке ашырылганын айтты.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоор бекитилип, алардын ичинен жетөө толугу менен ишке ашырылганын айтты. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоор бекитилип, алардын ичинен жетөө толугу менен ишке ашырылганын айтты.
1/3
Президент Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен өлкөдөгү санариптик трансформация маселелерин талкуулады
2/3
Догоевдин айтымында, "Санариптик Кыргызстан" программасынын концепциясы эки маанилүү багытты аныктоого негизделген — бул трансформациянын санариптик эмес жана санариптик негиздери
3/3
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоор бекитилип, алардын ичинен жетөө толугу менен ишке ашырылганын айтты.

Здание Правительства КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Санариптик трансформациялоо боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү
Догоевдин айтымында, "Санариптик Кыргызстан" программасынын концепциясы эки маанилүү багытты аныктоого негизделген — бул трансформациянын санариптик эмес жана санариптик негиздери. Ал ошондой эле Кыргызстан компанияларга өнүккөн өлкөлөрдүн технологияларын таратууга жана үйрөнүүгө көмөктөшүүсү керектигин белгиледи. Ошондой эле иштелип чыккан жана тартылып келинген технологиялык чечимдер максаттын өзү болбой, компаниялар аркылуу сиңирилип, кийин башка өлкөлөргө экспорттолушу керектигин кошумчалады.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоор бекитилип, алардын ичинен жетөө толугу менен ишке ашырылганын айтты.

Өз кезегинде Жээнбеков инвесторлорду тартуу жана аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жумушту активдештирүү, алардын аткарылышын катуу көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи.

"Санариптик трансформация, мамлекетибизге жана элибизге абадай керек. Мамлекеттик башкарууну санариптештирүү зарыл", — деди президент.

Мамлекет башчы бул жааттагы пландалган иштерди тез арада аткарууну баса белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0