Чүй ЖКККБ Кант шаарында уюштурулган жол коопсуздугу боюнча акцияга катышкан балдардын сүрөтүн жарыялады

Суукта көйнөкчөн марш баскан окуучулар. Канттан тартылган сүрөт

214
(жаңыланган 16:11 04.11.2018)
Жөө жүрүштүн катышуучулары айдоочулар менен жөө адамдарды жол эрежесин сактоого чакырышты.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Чүй ЖКККБ Кант шаарында уюштурулган жол коопсуздугу боюнча акцияга катышкан балдардын сүрөтүн жарыялады.

  • Чүй ЖКККБ Кант шаарында уюштурулган жол коопсуздугу боюнча акцияга катышкан балдардын сүрөтүн жарыялады
    Чүй ЖКККБ Кант шаарында уюштурулган жол коопсуздугу боюнча акцияга катышкан балдардын сүрөтүн жарыялады
    © Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской области
  • Кадрдан көрүнүп тургандай, жөө жүрүштү алты окуучу баштап, алар жеңил көйнөк, кыздар юбка кийип алган
    Кадрдан көрүнүп тургандай, жөө жүрүштү алты окуучу баштап, алар жеңил көйнөк, кыздар юбка кийип алган
    © Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской области
  • Ал эми милиционерлер жылуу кийинип жүрүшөт
    Ал эми милиционерлер жылуу кийинип жүрүшөт
    © Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской области
  • Чүй ЖКККБнын маалымат кызматы автоинспекторлор менен мугалимдер балдардан жылуу кийинүүнү суранганын, бирок алар башкалардан айырмаланып турууну каалап такыр көнбөй коюшканын маалымдады.
    Чүй ЖКККБнын маалымат кызматы автоинспекторлор менен мугалимдер балдардан жылуу кийинүүнү суранганын, бирок алар башкалардан айырмаланып турууну каалап такыр көнбөй коюшканын маалымдады.
    © Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской области
1 / 4
© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской области
Чүй ЖКККБ Кант шаарында уюштурулган жол коопсуздугу боюнча акцияга катышкан балдардын сүрөтүн жарыялады

Кадрдан көрүнүп тургандай, жөө жүрүштү алты окуучу баштап, алар жеңил көйнөк, кыздар юбка кийип алган. Ал эми милиционерлер жылуу кийинип жүрүшөт.

Чүй ЖКККБнын маалымат кызматы автоинспекторлор менен мугалимдер балдардан жылуу кийинүүнү суранганын, бирок алар башкалардан айырмаланып турууну каалап такыр көнбөй коюшканын маалымдады.

"Балдар 100 метрге жакын аралыкты, бир светофордон экинчи светофорго чейин басып өтүштү. Күрмө кийгизели дегенбиз, бирок парадга ылайыктуу жылуу кийим болбой калды. Окуучулар болсо жөнөкөй курткаларын кийүүдөн баш тартышты. Ошондуктан 100 гана метр басууга уруксат бердик. Балдар 8-9-класстын окуучулары", — дешти маалымат кызматтан.

Акция 1-ноябрда өткөн. Автоинспекторлор коштогон жөө жүрүштүн катышуучулары айдоочулар менен жөө адамдарды жол эрежесин сактоого чакырышты.

214
Белгилер:
жөө жүрүш, ЖКККББ, Кант
Тема боюнча
Күнүнө 2600 айдоочу автоинспекторго түшөт. Бир жумалык статистика
Пикирлер