Бишкекте азиздерге жардам берүү үчүн сүрөт көргөзмө өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи. Архив
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фотографтар Кыргызстандын ажайып жерлерин чагылдырган картинкаларды көргөзмөгө алып чыгып сатышат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкекте Mount Club тоо туризми клубу "Дүйнөнү кара" аталышындагы жаштардын улуттук сүрөт көргөзмө жумалыгын өткөрөт.

Ал жактан үйрөнчүктөрдүн эле эмес, кесипкөй фотографтардын эмгегин көрүүгө болот. Ошондой эле, туристтер тарткан пейзаждык сүрөттөр коюлат. Авторлор менен да жолугуп пикир алуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.

Депутат Чыныбай Турсунбеков курсанттарга Ильяздын ырын аткарып берди - Sputnik Кыргызстан
Депутат Чыныбай Турсунбеков курсанттарга "Ильяздын ырын" аткарып берди
Өлкөнүн ар бурчунан келген фотографтар ажайып Кыргызстандын керемет көлдөрүн, сууларын, тоолорун жана токойлорун көргөзмөгө чыгарат. Ар бир каалоочу өзүнүн сүрөттөрүн алып келсе болот. Сатуудан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалып, "Кыргызстандын азиздер федерациясы" акционердик коомуна азиздерге керектелчү таяктар алынат.

Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде 4-ноябрда саат 10.00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0