Автоунааларды каттоодо эмнеге көйгөй чыкты? Мамкаттоонун жообу

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүАвтомобильная дорога А370 "Уссури" Владивосток - Хабаровск
Автомобильная дорога А370 Уссури Владивосток - Хабаровск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматы автоматташтырылган жаңы үч маалымат системасын ишке киргизди.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстан боюнча автоунааларды каттоодо көйгөй жаралууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

2-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматы автоматташтырылган жаңы үч маалымат системасын ишке киргизди. Алар: айдоочулук курамды каттоо, транспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча тест тапшыруу.

"Бирок банк системасы менен айкалыштырууда көйгөй келип чыкты. Эгер төлөм аткарылбаса, кызмат көрсөтүлгөн жок деп түшүнүү керек. Жаралган көйгөй бүгүн чечилип, дүйшөмбүдөн тарта кадимкидей иштей баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Мекеме техникалык маанайдагы мындай нерсеге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0