Мечиттеги мусулмандар. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда имамдар үчүн колдонмо китептер чыгат

104
(жаңыланган 10:19 05.11.2018)
Китепти муфтияттын тиешелүү бөлүмдөрү жеңилдетилген түрдө даярдап чыгат.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жалпы имамдар үчүн колдонмо китептер иштелип чыгат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Куран, фыкх, хадис, акыйда, тавсир, имамдын этикасы, мурас жана намаз убактылары боюнча китептер иштелип чыгып, айыл аймактагы имамдарга колдонмо курал катары берилет.

Китептерди муфтияттын тиешелүү бөлүмдөрү жеңилдетилген түрдө даярдап чыгат. Ал аймактагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталат.

104
Белгилер:
имам, китеп, муфтият, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаңы мечиттеги азандын үнүнө нааразы болгондор бар. Муфтияттын жообу
Кыргызстандагы медреселер эмнени окутат? Муфтияттын жообу
Талапка жооп бербейт! Өлкөнүн түштүгүндө алты диний окуу жай жабылды
Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди

Венгрия өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө суу тазалоочу жабдыктарды берди. Сүрөт

5
Жабдуулар темир жол аркылуу алып келинген. Алар аскердик-талаа госпиталынын дараметин кыйла жогорулатары кошумчаланды.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы кабарлады.

  • Правительством Венгрии предоставлена мобильная водоочистительная система для Военно-полевого госпиталя 2-го уровня Вооруженных Сил КР
    Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди
    © Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
  • Правительством Венгрии предоставлена мобильная водоочистительная система для Военно-полевого госпиталя 2-го уровня Вооруженных Сил КР
    Жабдуулар темир жол аркылуу алып келинип, аны өлкөнүн коргоо ведомствосу кабыл алган.
    © Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КР
Венгрия өкмөтү КРдин Куралдуу күчтөрүнө мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди

Ага ылайык, жабдуулар темир жол аркылуу алып келинип, аны өлкөнүн коргоо ведомствосу кабыл алган.

"Венгрия эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү максатында КРдин Куралдуу күчтөрүнүн II даражадагы аскердик-талаа госпиталы үчүн мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды тартуулады. Бул жабдыктар кайтарымсыз түрдө берилди", — деп айтылат билдирмеде.

Жабдуулар аскердик-талаа госпиталынын дараметин кыйла жогорулатары кошумчаланды. Ошондой эле келечекте БУУнун тынчтык операцияларына катышуу алкагында өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

5
Белгилер:
жабдуу, Генералдык штаб, Кыргызстан, Венгрия
Тема боюнча
Кыргызстан менен Катар аскер-техникалык кызматташтыкты бекемдөөгө белсенди
Нарын облусундагы айыл. Архив

Жумага карата аба ырайы

112
27-ноябрга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-Ноя. — Sputnik. 27-ноябрь, жума күнү, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Республиканын башка аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын темпетарутасы Чүйдө +6...+11, Талас өрөөнүндө +5...+10 градуска жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл ойдуңунда +3...+8, Нарын жергесинде -2...+3 градусту көрсөтүп турат.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын болбойт, күндүн табы +8...+10 градуска жетет.

112
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Фотофакт: ышка тумчуккан Бишкектин асмандан көрүнүшү