Чопо, жыгач-таш ташып... Тургунбай Садыков тууралуу 5 факты

© Sputnik / Шерстенников / Медиабанкка өтүүЖогорку даражадагы бир топ сыйлыктын ээси, белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун архивдик сүрөтү
Жогорку даражадагы бир топ сыйлыктын ээси, белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн жогорку даражадагы бир топ сыйлыктын ээси, белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун туулган күнү. Жаратман академик 83 жашка толуп, талыкпастан жаштарды тарбиялап келет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ал инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Жыгач устанын уулу. Тургунбай Садыков Баткен районундагы Говсувар кыштагында 1935-жылы 4-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуштун оор жылдарына туш келип, кыйын кезеңде өткөн. Болочоктогу белгилүү инсандын үй-бүлөсү көркөм өнөргө жакын адамдар эле. Апасы сайма сайып, бычмачылык менен алектенсе, атасы жыгач уста болуп эшик, терезелерге оймо түшүргөн.

© Александр ФедоровТургунбай Садыков Баткен районундагы Говсувар кыштагында 1935-жылы 4-ноябрда жарык дүйнөгө келген.
Кыргызский скульптор-монументалист Тургунбай Садыков - Sputnik Кыргызстан
Тургунбай Садыков Баткен районундагы Говсувар кыштагында 1935-жылы 4-ноябрда жарык дүйнөгө келген.

Чопо, жыгач ташыган шакирт. Жаш талант элеттеги мектепти бүткөн соң Фрунзеге келип, Көркөм өнөр окуу жайында окуган. Скульптор Владислав Пузыревский менен таанышып, ага чопо, жыгачын ташып жардам берип жүрүп, көп нерсени үйрөнө алган. Кийин Москвадагы Жогорку көркөм өнөр окуу жайында билимин тереңдеткен. Ал жактан ага СССРдин борборунда калып иштөө сунушу дагы түшкөн, бирок ал мекенине кайтып келген.

© Александр ФедоровСкульптордун эмгектери Россия, Япония, АКШ, Франция, Польша, Люксембург, Монголия жана Кытайдагы музейлер менен скульптуралар аянтчаларына чейин коюлган
Кыргызский скульптор-монументалист Тургунбай Садыков - Sputnik Кыргызстан
Скульптордун эмгектери Россия, Япония, АКШ, Франция, Польша, Люксембург, Монголия жана Кытайдагы музейлер менен скульптуралар аянтчаларына чейин коюлган

Биринчи кыргыз профессионал скульптору. Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы "Манас" баатырдын скульптуралык ансамблинин, бир нече жыл "Ала-Тоо" аянтында туруп, кийин алып салынган "Эркиндик" статуясынын, "Эл куту" монументалдык эстелигинин автору. Таланттуу скульптор 500дөй адам катышкан бүткүл союздук сынакка катышып жеңүүчү болгон. Борбор калаанын чок ортосунда жайгашкан Уркуя Салиевага арналган "Революциянын каармандарына" деп аталган монументин 12 жылда бүтүргөн. Скульптордун эмгектери Россия, Япония, АКШ, Франция, Польша, Люксембург, Монголия жана Кытайдагы музейлер менен скульптуралар аянтчаларына коюлган.

© Александр ФедоровСоциалисттик Эмгектин Баатыры Садыков борбор калаадагы Улуттук көркөм өнөр академиясын 1991-жылы ачкан
Кыргызский скульптор-монументалист Тургунбай Садыков - Sputnik Кыргызстан
Социалисттик Эмгектин Баатыры Садыков борбор калаадагы Улуттук көркөм өнөр академиясын 1991-жылы ачкан

Жаратман академик. СССР эл сүрөтчүсү 1991-жылы борбор калаада Улуттук көркөм өнөр академиясын ачкан. Анын алдында атайын мектеп, колледж, жогорку окуу жайы бар. Ал жактан 27 жыл ичинде миңдеген жаштар тарбияланып, учурда айрым бүтүрүүчүлөр Америка, Европада иштөөдө. Тургунбай Садыковдун ысымын азыр Бишкектеги Улуттук көркөм өнөр академиясы алып жүрөт. Сүрөтчү 80 жаштан өтүп калганына карабай аталган мекемени жетектеп, жаштарды тарбиялоо менен алек. Бул убакыт аралыгында ал Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССР эл сүрөтчүсү, СССР көркөм академиясынын академиги болгонго жетишкен. Мындан сырткары, "Эмгек Кызыл Туу", Ленин ордендери менен сыйланып, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.

© Александр ФедоровСадыков художниктер Молдохматов, Каменский жана Идирисов менен. 2013-жыл
Кыргызский скульптор-монументалист Тургунбай Садыков - Sputnik Кыргызстан
Садыков художниктер Молдохматов, Каменский жана Идирисов менен. 2013-жыл

Бактылуу чоң ата. Күжүрмөн инсан инженер-экономист болуп көп жыл эмгектенген байбичеси экөө Улан аттуу бир уулду тарбиялап өстүргөн. Ал дагы ата жолун улап скульптура жана сүрөтчүлүк менен алектенет. Карыялар азыр небере-чөбөрөнүн  сый-урматын көрүшүп, кадырлуу карылыктын доорун сүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0