Шопоков шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөөчү борбор ачылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГРС при ПКРОткрытие ЦОН в Шопокове
Открытие ЦОН в Шопокове - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандар бул жерден паспорт жана ЖААКка тийиштүү кызматтын 36 түрүн ала алат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Мекеме — Чүй облусундагы райондук масштабдагы биринчи Калкты тейлөөчү борбор. Мамкаттоодон билдиришкендей, буга чейин паспорт менен ЖААКка (ЗАГСка) тийиштүү бөлүмдөр башка-башка имараттарда жайгашып, жарандар менен кызматкерлер үчүн эч кандай шарты болгон эмес.

© Фото / пресс-служба ГРС при ПКРСокулук районуна караштуу Шопоков шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды.
Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды.
© Фото / пресс-служба ГРС при ПКРМекеме — Чүй облусундагы райондук масштабдагы биринчи Калкты тейлөөчү борбор.
Мекеме — Чүй облусундагы райондук масштабдагы биринчи Калкты тейлөөчү борбор. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Мекеме — Чүй облусундагы райондук масштабдагы биринчи Калкты тейлөөчү борбор.
© Фото / пресс-служба ГРС при ПКРМамкаттоодон билдиришкендей, буга чейин паспорт менен ЖААКка (ЗАГСка) тийиштүү бөлүмдөр башка-башка имараттарда жайгашып, жарандар менен кызматкерлер үчүн эч кандай шарты болгон эмес.
Мамкаттоодон билдиришкендей, буга чейин паспорт менен ЖААКка (ЗАГСка) тийиштүү бөлүмдөр башка-башка имараттарда жайгашып, жарандар менен кызматкерлер үчүн эч кандай шарты болгон эмес. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мамкаттоодон билдиришкендей, буга чейин паспорт менен ЖААКка (ЗАГСка) тийиштүү бөлүмдөр башка-башка имараттарда жайгашып, жарандар менен кызматкерлер үчүн эч кандай шарты болгон эмес.
1/3
Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды.
2/3
Мекеме — Чүй облусундагы райондук масштабдагы биринчи Калкты тейлөөчү борбор.
3/3
Мамкаттоодон билдиришкендей, буга чейин паспорт менен ЖААКка (ЗАГСка) тийиштүү бөлүмдөр башка-башка имараттарда жайгашып, жарандар менен кызматкерлер үчүн эч кандай шарты болгон эмес.

Жаңы борбордун аянты 800 чарчы метрди түзүп, капиталдык ремонт жасалган. Ошондой эле унаа жана велосипед токтотуучу жайлар дагы курулган.

Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо кызматынын бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалды
Мындан сырткары, видеокөзөмөл, кондиционерлер орнотулуп, электрондук кезекке туруу системасы менен жабдылган. Жарандар паспорт менен ЖААКка байланышкан кызматтардын 36 түрүн ала алышат. Сүрөткө тартуу, нотариус, касса жана салтанат залдары дагы каралган.

Имаратта сурап-билүү, күтүү, документтерди кабыл алуу жана башка кошумча кызматтарды көрсөткөн бөлүмдөрү бар. Борбор негизги трассадан 200 метр аралыкта жайгашкандыктан, Сокулук, Панфилов жана Жайыл райондорунун тургундары оңой жете алат.

Калкты тейлөөчү бул жаңы борбор аймактарды өнүктүрүү жылына карата ачылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0