Белград шаары. Архивдик сүрөт

Кыргызстандыктар Европанын дагы бир өлкөсүнө визасыз бара алат

1605
(жаңыланган 14:22 06.11.2018)
Жарандар визасыз 90 күн жүрө алат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Сербия эки өлкө ортосундагы жалпы жарандык паспорт ээлерине киргизген виза тартибин жоюу боюнча келишимге кол койду. Документ 2018-жылдын 8-ноябрынан тарта күчүнө кирерин ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Мурдагы келишимге 2017-жылдын 5-декабрында кол коюлган. Эми эки мамлекеттин жарандары 90 күндөн ашпаган визасыз тартиптен бошотулат.

Бул соода-экономикалык алаканы, инвестициянын келишин активдештирип, туризм тармагын бекемдейт.

Бүгүн кыргызстандыктар визасыз тартип менен дүйнөнүн 63 өлкөсүнө бара алат

1605
Белгилер:
виза, туризм, экономика, Сербия, Кыргызстан
Тема боюнча
КР жарандары канча өлкөгө визасыз кире алат? Паспорттор рейтинги
Саякат жөнүндөгү телеканал Кыргызстандын айдоочулары тууралуу тасма тартты
Пикирлер