Депутат Жолдошбаев мектепке имарат берип, бийликке бир шарт койду. Чоо-жайы

© Фото / Гульмира ШамыркановаЖогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев мектеп катары пайдаланууга берген Нарындагы Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы жеке имараты
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев мектеп катары пайдаланууга берген Нарындагы Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы жеке имараты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Район акими "депутат имаратын белек кылып жатса, кантип албай коёбуз" деген пикирди карманууда. Бирок эл өкүлү бийликке бир шарт коюп жатат. Анын талабы айрым адамдардын тынчын алып, редакциябызга кайрылды.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Нарындагы Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы жеке имаратын мектеп катары пайдаланууга берди. Окуу жайга өзүнүн апасы Ракия Сариеванын ысымын ыйгарганы турат. Муну менен ал айылдын азыркы мектебине ысымы коюлган Социалисттик Эмгектин Баатыры Бакый Мүсүралиеванын атын өчүрүшү мүмкүн. Мындай нааразычылыгын айтып, Sputnik Кыргызстан агенттигине анын уул-кыздары кайрылды.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев
Депутат Жолдошбаев Камчыбек Жолдошбаевич - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев

Алардын билдиришинче, Жолдошбаев берген имараттын төрт дубалынан башка эч нерсеси жок. Ошону актап-сырдап эки-үч бөлмөсүнө эшик салып эртең, 6-ноябрда, мектеп катары ачылганы турат. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун да катышары күтүлүүдө.

© Фото / Гульмира ШамыркановаЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаадагы менчик имаратын мектеп катары пайдаланууга берип, ага апасынын ысымын ыйгаруу шартын койду
ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаадагы менчик имаратын мектеп катары пайдаланууга берип, ага апасынын ысымын ыйгаруу шартын койду - Sputnik Кыргызстан
1/4
ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаадагы менчик имаратын мектеп катары пайдаланууга берип, ага апасынын ысымын ыйгаруу шартын койду
© Фото / Гульмира ШамыркановаЖолдошбаев мектеп катары пайдаланууга берген имараттын сырткы көрүнүшү
Жолдошбаев мектеп катары пайдаланууга берген имараттын сырткы көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
2/4
Жолдошбаев мектеп катары пайдаланууга берген имараттын сырткы көрүнүшү
© Фото / Гульмира ШамыркановаМаалыматтарга караганда, бул имарат мурда автобазанын кеңсеси болгон. Жалпы аянты бир гектарды түзөт.
Маалыматтарга караганда, бул имарат мурда автобазанын кеңсеси болгон. Жалпы аянты бир гектарды түзөт. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Маалыматтарга караганда, бул имарат мурда автобазанын кеңсеси болгон. Жалпы аянты бир гектарды түзөт.
© Фото / Гульмира ШамыркановаЭл өкүлү берген объектинин төрт дубалынан башка эч нерсеси жок
Эл өкүлү берген объектинин төрт дубалынан башка эч нерсеси жок - Sputnik Кыргызстан
4/4
Эл өкүлү берген объектинин төрт дубалынан башка эч нерсеси жок
1/4
ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаадагы менчик имаратын мектеп катары пайдаланууга берип, ага апасынын ысымын ыйгаруу шартын койду
2/4
Жолдошбаев мектеп катары пайдаланууга берген имараттын сырткы көрүнүшү
3/4
Маалыматтарга караганда, бул имарат мурда автобазанын кеңсеси болгон. Жалпы аянты бир гектарды түзөт.
4/4
Эл өкүлү берген объектинин төрт дубалынан башка эч нерсеси жок

Учурдагы мектепке аты берилген Бакый Мүсүралиева Ак-Талаанын мал чарбачылыгында эмгектенип, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 3 жолку депутаты болгон. Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы жана Ленин ордени менен сыйланган.

© Фото / Гульмира ШамыркановаУчурда айылда иштеп жаткан Бакый Мүсүралиев атындагы мектеп 300 орунга ылайыкташкан
Школа села Кайынды-Булак, Ак-Талинского района Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Учурда айылда иштеп жаткан Бакый Мүсүралиев атындагы мектеп 300 орунга ылайыкташкан

Мүсүралиеванын кызы Гүлмира Шамырканова акчалуу адам келип эле элге эмгеги сиңген инсандын атын тебелеп салабы деп ызаланууда.

"Эми балдар депутат берген имаратта окуп калышат экен. Апамдын атындагы мектеп жабылып, бала бакча кылабыз деп жатышыптыр. Азыр мектептин шарты жакшы, эч нерсеге муктаж эмес. 2016-жылы АРИСтин каржылоосу менен 1, 188 миллион сомго капиталдык ремонттон өткөн. Негизи 300 орунга ылайыкташса, учурда 130 бала билим алат. Эми тиги имараттын үчүнчү кабатын шашылыш түрдө сырдап, жука линолеум салып окуучуларды киргизишет экен. Анын айланасы тосулган эмес, кароосуз турган объект. Оңдоо үчүн да көп каражат кетет", — деди Шамырканова.

© Sputnik / Табылды КадырбековАзыркы мектепке ысымы коюлган Социалисттик эмгектин баатыры Бакый Мүсүралиеванын уул-кыздары депутаттын койгон шартына каршы болууда
Жители села села Кайынды-Булак, Ак-Талинского района Нарынской области Гульмира Шамырканова и Эсенбек Беделов - Sputnik Кыргызстан
Азыркы мектепке ысымы коюлган Социалисттик эмгектин баатыры Бакый Мүсүралиеванын уул-кыздары депутаттын койгон шартына каршы болууда

Ал эми небереси Эсенбек Беделов аталган объект мурда автобазанын кеңсеси болгонун айтып, кийинчерээк Жолдошбаев аны менчиктештирип алганын белгилейт.

"Мындан беш жыл мурда айылдык кеңештин депутаты болуп турганымда Жолдошбаев ушул имаратын берем деп келген. Ал 1992-жылы автобазаны өзүнө ыйгарып, техникасын чыгарып кеткен экен. Карасак эч жерде катталбаган, тастыктоочу документи жок экен, ошондуктан албай калганбыз. 2016-жылы да берем деп болбой калган. Коңшу айылдагы мектеп канча жылдан бери бүтпөй турат. Мамлекет ага бербеген акчаны ушуга бермек беле? Эми Муса Баетовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында ачылышын өткөрөбүз дешүүдө. Мыйзам боюнча жаңы мектеп бир мектептен эки чакырым аралыктан кийин салынышы керек. 2020-жылга чейин мектептердин атын өзгөртпөө боюнча мораторий киргизилген. Жолдошбаев кандайдыр бир жолун таап, уруксат алган окшойт", — деди Беделов.

Ал мектептин жанына мектеп салам дебей, имаратты айылдыктар муктаж болуп турган бала бакча же спорт зал кылууга берсе болмок деп таң калууда.

Ал эми Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров Бакый Мүсүралиеванын ысымы тебелендиде калбайт деп ишендирет. Деген менен Жолдошбаев имаратын мектеп катары жана ага апасынын ысымын ыйгаруу шарты менен бергенин тастыктады:

"Ал жайды кошумча мектеп болот деп токтом чыгардык. Эртең имаратты тапшыруу аземи болот. Учурда анын шарты окууга ылайыктуу эмес. Капиталдык ремонтуна Камчыбек Жолдошбаев "мамлекеттен акча бөлдүрүп берем" деди. 2019-жылкы окуу жылына даяр болот. Муну кошумча мектеп кылабыз. Буга депутаттын апасы Ракия Сариеваны ысымын беребиз. Элдин колдоосу менен ушундай токтом чыгардык", — деди район акими.

"Эгер кошумча корпус болгондо мурунку мектептин ысымы менен иштеши керек эмеспи?" — деп сураганыбызда кошумча корпус эмес, ал такыр башка окуу жай болорун айтып чыкты.

"Ал имарат үч кабаттуу, аянты бир гектар, спорт аянтчаларын куруу мүмкүнчүлүктөрү да бар. Наркы 100 миллион сомго чамалайт. Ушуну бекер берем десе кантип албай коёбуз?! Эл мени эртең урушуп чыгат да. Депутат объектини бизге берип апасынын ысымын ыйгарууну талап калды. Буга макул болдук. Бирок эски мектепте Бакый Мүсүралиеванын аты калат да, бул өзүнчө мектеп болот. Баетовдогу мектептин курулушу акчанын жоктугунан беш жылдан бери бүтпөй турат. Ага 30 миллион керектелет. Муну 5 миллион сомго оңдоп-түзөй алабыз", — деди Молдокадыров.

© Фото / Гульмира ШамыркановаТургундар кошумча мектептин кереги жоктугун, анын ордуна бала бакча же спорт зал курулса дешүүдө
Школа села Кайынды-Булак, Ак-Талинского района Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Тургундар кошумча мектептин кереги жоктугун, анын ордуна бала бакча же спорт зал курулса дешүүдө

Акимдин айтуусу боюнча имарат оңдолуп бүткөндөн кийин жакшылап ойлонуп, эл менен кеңешип, аны же бала бакча, лицей же мектеп катары пайдаланып, коңшу Баетов айылындагы окуу жайда үч мөөнөт менен окуп жаткан балдардын бир бөлүгү которулат экен.

Депутаттар чын жүрөктөн эмнеден уяларын айтып беришти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар чын жүрөктөн эмнеден уяларын айтып беришти. Видео
Бакый Мүсүралиева атындагы мектептин директору Талантбек Саягалиев окуу жайдын класстары бош турганын ырастады.

"Бизде 152 бала билим алат. Негизи 350 орунга ылайыкталган, анын эки классын бала бакча, бирөөсүн китепкана, дагы бирин буфет кылганбыз. Андан тышкары, окуу класстарында 300 орун бар. Кошумча мектептин кереги жок. Угушума караганда, эгерде апасынын атын бербесе, Жолдошбаев башкаларга сатып же бузуп кетет экен. Ал имаратты мектептен башка мекеме катары пайдаланууга бербейм дептир. Райондун балансына алып калууну чечкен го", — деди Саягалиев.

Ошондой эле ал эртең жаңы имараттын ачылышына окуучулары барбай турганын белгиледи.

Бул боюнча Камчыбек Жолдошбаевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0